Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Акча алганда министрлик кожоюн, таштандыга келгенде тазалабайт...”

-- Акбөкөн Дүкенович, сиздин айтымыңызда, жол боюнча башы ачылбаган көп маселелер бар окшойт?
-- Эгер чоңдордун бирөө жолдо баратып, жол боюнда таштанды жатканын көрсө, акимди же айыл өкмөт башчысын чакырып, тазалоону талап кылат. Ошол эле учурда кимдир бирөө жол боюна дүкөн же заправка ачам десе, транспорт министрлигинен уруксат алыш керек. Айтор, түшүнүксүз. Акча алганда, уруксат бергенде министрлик кожоюн, ал эми таштандыны тазалоого келгенде булардыкы эмес болуп калып атат. Көрүп атпайбызбы, ишембилик болгондо айылдын тургундары, мугалимдер тазалап жүрөт, ДЭУдан эч кимди көрбөйсүң. Экинчи жагынан алганда, алар жолду тейлейби же таштанды тазалайбы? Ошондуктан, ушундай маселелерди мыйзамда тактап коюш керек.
-- Жолду куруу баасын арзандатыш керек дедиңиз. Сиздин оюңузча, азыр кымбат курулуп жатабы?
-- Тендер дегенге жамынып алып эле аябай кымбат салышат. Балээнин баары сметаны түзүүдөн башталат. Сметаны жасаган адамга “жолго канча акча чыгарсаң ошонун бир пайызы сеники” деп коёт. Демек, ал кымбат кылып жазганга кызыкдар. Себеби, жолдун баасы 10 миллион болсо, ал 100 миң сом алат. А эгер 100 миллион сом кылып койсочу? 1 миллион сом алып атпайбы! Жол мынчалык кымбатка салынбашы керек. Себеби, битумдан башкасынын баары бүт өзүбүздө бар да. Топурак, шагыл... Андай болсо, мындай баалар кайдан чыгып атат? Ал эми жолдун сапаты өзүнчө маселе. Шагыл жетиштүү деңгээлде төгүлдүбү, асфальттын калыңдыгы талапка жооп береби?..
-- Анын баары кабыл алууда текшерилип, экспертизадан өткөрүлөт деп атышпайбы...
-- Эми мындай да. Бир үй-бүлөнү элестеткиле. Жолду атасы салган, эксперт аялы, текшерген өзүнүн эле уулу. Ушундай эле нерсе болуп атпайбы. Экспертиза деле өздөрүндө, лаборатория деле бир министрликте...
"Азия Ньюс" гезити