Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Муратбек Касымалиев: “Өкмөт жетишпеген смартфон, компьютерлерден жардам берсе...”

Муратбек Касымалиев: “Өкмөт жетишпеген смартфон, компьютерлерден жардам берсе...”

31-август, 12:22
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

№5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору менен маек.

-- Жаңы окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды. Пандемияга байланыштуу өткөн окуу жылынын төртүнчү чейреги онлайн билим берүү менен аяктады. Эми жаңы окуу жылына онлайн билим берүүгө даярсыздарбы? Окуучулар, ата-энелер онлайн билим алуудагы деңгээлдери канааттандырабы?

-- Өткөн окуу жылынын акыркы чейрегинде биз пандемияга байланыштуу жалпы республика онлайн режиминде өткөрдүк. Видео сабактардын негизинде чейректердин жыйынтыгы чыгарылды. Мындай абалды биринчи баштан өткөрүп, тажрыйба алгансыдык. Мына жакында эле министрлик тарабынан чечим чыгып, онлайн түрүндө биринчи чейрек башталганы турат. Төртүнчү чейректе “балдардын алган баасын төмөндөтпөй, мурдагы чейректердин жыйынтыгына да карагыла” деген билим берүү министрлигинин устамасы иштелип чыккан болчу. Ошонун негизинде жылдык жыйынтыгын чыгардык. 

Эми жай айы бүтүп баратса да, пандемия коркунучу каптап, 1-класстарды гана мектепке кабыл алганы турабыз. Биз ага кандай даярдануудабыз? Жалпы эле 1-класс үчүн иштелип чыккан алгоритмдик негизде (шахматтык негизде) 15тен ашык эмес кылып бир классты 2-3 топко бөлүп, саламаттык сактоо жана билим берүү министрлиги иштеп чыккан алгоритм менен жайгаштырууга даярдап жатабыз. 

-- Калган класстарга даярдыктар кандай?

-- Жайды жайлай мугалимдердин баары онлайн окуу китептерин түзүүнүн үстүндө иштедик. Биз №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи пандемияга чейин эле электрондук окуу китептерин түзүп чыкканбыз. Азыркы кайтарым байланышта баардык предметтер боюнча окуу китептери окуучулардын колунда. Биздин мектеп үчүн жеңил болду. Башка мектептерге жардам катары 45 окуу китептерин электрондук түрдө жасап бүттүк. Билим берүү министрлигинин сайтына жайгаштырсак, республиканын баардык мектептери даяр электрондук китептерди пайдалана алышат. Билим берүү министрлиги тарабынан атайын видео сабактардын методикасы, электрондук окуу китептеринин стандарты иштелип чыкты. Ошонун негизинде биринчи чейректин баардык видео сабактарын тартып бүттүк. “Баластан”, ЭлТР телеканалдары жардам берип жатат. Азыркы тапта видео сабактардын расписаниесин түзүү иштери билим берүү министрлигинде жүрүүдө. Жайдын акыркы август айы санариптештирүү катары аталган. Билим берүү министрлиги иштеп чыккан этаптар онлайн режими боюнча интернеттеги кайсы программалардын негизинде болсо, ошол программалар боюнча даярдыктар жүрүүдө.

-- Смартфон же компьютерлер ар бир үйдө жетиштүү боло бербейт. Буга кандай чаралар көрүлөт?

-- Биздин жатакана интернатыбыз бар. Айылдан келген, колунда жок ата-энелер болуп калат. Биз буга карата 12 телевизор, 12 смартфон алып бердик. Республикалык масштабда ар бир мектепте ушундай иш жүргүзүлсө, айыл өкмөттөрү же аймактагы бизнесмендер жардам берип, акырындап иш жүрүшөт. 100% жетишип кетпесек да мындай катмарлар изилденип, өкмөт тарабынан жардамдар болот деген ишеничтемин. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер