Элдар Абакиров: “Кыргызстандын экономикасы тескери кетиши мүмкүн...”

Экономика министринин мурдагы орун басары менен маек.
-- 2022-жылкы санкцияларга байланыштуу жеңил өнөр жайдын Россияга экспорту өскөндөй болду...
-- Россияга экспорт дээрлик эки эсе көбөйдү окшойт. Бирок ал жерде эмненин эсебинен көбөйдү? Биринчиден, Кытайдан агым келүүдө, анткени, санкция болгондуктан Россияга товар түз барбай, биз аркылуу өтүп атат. Бул эми реэкспорт. Кыргызстандын да экспорту бар, ал көбүнчө тигүү өндүрүмдөрү. Калган товарлар көбүнчө реэкспорт. Былтыркы февралда башталган санкциялар Кыргызстанга позитивдүү таасир этүүдө. Анткени биз аркылуу көп товар өтүп калды, соодагерлердин соодасы, кийим тигүү тармагынын экспорту көбөйдү. Ошол жагынан позитив бар. Бирок, бул канчалык узакка уланат, ал өзүнчө суроо. Анткени Россияда рубль көтөрүлүп, сом долларга карата түшө баштады. Бул жерде башка тобокелдиктер пайда болуп атат. Россия экономикасынын басымынан улам Кыргызстандын экономикасы да тескери кетиши мүмкүн. Мындай тобокелдикке барбашыбыз керек, бир өлкөнүн экономикасына байланган жакшы эмес. Эгер Россиянын экономикасы минуска кеткенине карабай, биз ошол жерден өзүбүздүн экспорт, соода, мигранттардын акчасын көбөйтүп алсак, албетте, өсө беришибиз мүмкүн. Бирок колдон келсе, диверсификация кылышыбыз керек.
"Азия Ньюс" гезити