Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийлик “кемпир-абадчылардан” кечирим сурап, баарын бошотушу керек”

“Бийлик “кемпир-абадчылардан” кечирим сурап, баарын бошотушу керек”

19-июнь, 09:00
1 077 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган саясатчы, активисттердин абалдары кандай? Алар бийликке каршы күрөшкөндөрү үчүн отурушабы? Балким кечирим сурашса, эркиндикке чыгышат беле?” деген суроо узаттык.

Исмаил Исаков, коомдук ишмер:

-- «Кемпир-абадчылардын» абалдары ар кандай. Бири оорусуна байланыштуу, экинчиси операциядан кийин үй камагына чыгарылды, калгандары бүгүнкү күнгө чейин отурушат. Алар бийликке каршы күрөшүшкөн эмес, болгону “суу сактагычты коргоп калалы, ал кыргыз мамлекетинин менчигинде калсын” деген ой-пикирлерин “митингге чыгып, так билдиребиз” деген аракеттеринин негизинде кармалышты. Кечирим сурагыдай бул күнөө же кылмыш эмес да? Менин жеке оюмча, бийлик аша чаап кетти. Ошондуктан алар эмес, тескерисинче, бийлик алардан кечирим сурап, баарын бошотуп, мыйзамсыз кылмыш ишин «токуган» прокурор жана тергөөчүлөр жазага тартылышы керек. Ооба, бүгүн бийликтин көрсөтмөсү менен биздин «адилеттүү соттор» күнөөлүү деп өкүм чыгарган күндө дагы, аягы аларды толук актоо менен бүтөт.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:

-- “Кемпир-Абад” боюнча камакка алынгандардын абалы боюнча сөз кылсак, алар курортто эмес да. Отургандарына жакында 8 ай болот, шарттары абдан начар. Аларды “бийликке каршы күрөштү” деп эсептебейт болчумун. Болгону бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына макул болушпай, сын пикирлерин айтышып, эки тараптуу келишимдерге чечим чыгарууда ойлонуп, олуттуу мамиле кылууга чакырышкан. Кемпир-Абадды өткөзүп бербөөнү, кээ бири бул маселени узак мөөнөт талкуулап, азырынча келишимге кол койбой турууну айтышкан. Анан эле “бийликти басып алууну, же төңкөрүш кылууну көздөштү” дегенге таптакыр кошулбайм. Чын-чынында мен бийликке дакаат көрсөтө турган саясый күчтү, алар менен бийлик талаша турган олуттуу оппозицияны көрбөй турам. Ошого карабастан камакка алышты. Муну мен алгачкы эле күндөрү саясый куугунтук экенин баса белгилеп айтып келгем. Азыр деле ошол ойдомун. Ал эми “кечирим сурашса, эркиндикке чыгышат беле?” деген ойлор буга чейин деле коомчулукта айтылып келген. А чынында кечирим сурагандай алар күнөө кылышса, кылмышка барышса бир жөн. Камалгандардын дээрлик баардыгы көчөдө жүргөн адамдар эмес, аттуу-баштуу, билимдүү, тажрыйбалуу, жеке эле Кыргызстанга эмес дүйнөгө таанымал адамдар.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- “Кемпир-Абад” боюнча азыр болбосо кийин, канча убакыт өтсө да бул ишке саясый баа берилет. Сурак иштеринде кандай жагдай болуп атканы такыр белгисиз, сыртка чыкпай атат. Өтө жашыруун кылып ийишти. Жадагалса жактоочуларына да түшүнүксүз экенин айтышууда. “Камактагылар мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип, төңкөрүш жасаганга аракет кылышты” дегендерине эч ким ишенген жок. Алар өздөрү деле андай ойлору болбогонун саймедиреп айтып аткандарына да карабай сот болуп атат. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер