Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 28 саат уктабаган таксист рулда каза болду

28 саат уктабаган таксист рулда каза болду

22-январь, 13:07
941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвада такси айдоочусу рулда бараткан учурда көз жумган. 29 жаштагы жигиттин жүрөгү токтоп калган. Ошол маалда айдоочу рулду бир аз буруп, башка унааны сүзүп алган. Ылдамдык аз болгондуктан эч ким жабыр тарткан эмес.

Орусиялык маалымат булактары маркум Тажикстандын жараны экендигин жазып чыгышты. Ошондой эле ал каза болор алдында уктабастан 28 саат иштегени жана үч такси кызматынын кардарларын бир маалда тейлегени билинген. Мындан тышкары, каза болгон соң унаасынан 10 даана энергетикалык суусундуктун бөтөлкөсү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум уктабастан иштеп, энергетикалык суусундуктарды чегинен ашык ичкендиги жүрөгүнүн токтоп калышына алып келген. 

Анара НУРБЕК кызы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер