Кондиционер тууралуу кызыктар
Абаны атайын муздатуунун биринчи аракети акыркы миң жылдыкта Персияда болгон. Бул үчүн перстер атайын шахталарды колдонушкан, ал жерде атайын идиштерге суу куюп коюшкан. Шахтанын муздак, нымдуу абасы бөлмөлөрдү салкын кармаган.
Оригиналдуу кондиционер системасы биринчи жолу 1903-жылы Нью-Йорк биржасынын имаратында орнотулган.
Кондиционерди өнүктүрүүнүн кийинки кадамы аны жөнөкөй батирлерде колдонуу болду. “General Electric” компаниясы кондиционерди иштетүүдө колдонулган аммиактын зыянынан улам компрессор менен конденсаторду бөлмөнүн дубал сыртына орното баштаган.
1931-жылы фреондун жардамы менен иштеген жана бардык керектүү компоненттерди камтыган терезе кондиционерлери пайда боло баштады. Фреон – адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болгон.
Ал эми “Daikin” компаниясы суук мезгилде да кондиционерди колдонуунун ыкмасын ойлоп табышкан. Натыйжада абаны жылыта ала турган биринчи кондиционер пайда болгон.
СССРде кондиционерлер 1970-жылдары гана батирлерде колдонула баштаган. 1960-жылдары алар кемелерде жана ракеталарда гана колдонулган.
Кызык жери, кондиционерлердин пайда болушу дары-дармектердин жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна да таасирин тийгизген, анткени суук чөйрө медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ыңгайлуу.