Сени менен кошо бейиттин алдында жаткандаймын...
Сыртта мээримин төккөн жаз. Алма, өрүктөр, сирендер гүлүн ачып, ажайып жашоо уланып жатат. Ошол жаздын гүлдөрүн көтөрүп дагы бейитиңе келдим. Тааныш бир таман жол. Таманым тешилгенче баскан тааныш жол. Узак кыштан дагы тирүү чыктым. Жазга. Жамгыр төгүп, жаз эң сонун кооздугун, ооз менен айтып жеткис сырдуулугун көрсөтүп, жашоону, тирүүлүктү сүйдүрүүгө далалаттанат.
А мен качандыр бир аны менен кошо өлгөм. Аны менен кошо ушул тааныш бейиттин алдында жаткандаймын. Айлар мезгилдерге, жылдарга айланып өтүп жатат.
Кайрадан жалгыз кунарсыз үйүмө барарымды эстеп, денем ичиркенди. Жалгыз жатып жашоом тууралуу кайра башынан ойлогондон, элестетүүдөн тажабайм. Кызыксыз, максатсыз жашоонун өзү тозок. Сени караан туткан жакын адамдар үчүн бирок жашооң керек. Жандүйнөң өлүп калса да зарылсың. Баарын убакыт дарылабайт.
Мунар
"Азия Ньюс" гезити