Октябрь окуясы боюнча Соке командасы менен жоопко тартылабы?
Чийеленген көрүнүшкө баратабыз. Октябрь төңкөрүшүнө байланыштуу сот процесси коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган чак. Жактоочу Кантемир Турдалиев каргашалуу окуянын күбөлөрүн суракка чакыруу боюнча өтүнүч келтирди. Алардын катарында Сооронбай Жээнбеков, Кубатбек Боронов, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Алмазбек Орозалиев жана башкалар бар. 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндө митингчилерди таркатуу, сүрүп чыгаруу боюнча ким буйрук бергени маселе жаратууда. Ошого катар Үмүтбектин өлүмүнө, ондогон жаштардын майып болушуна кимдер күнөөлүү? Акыры бул суроого жооп табылмайынча, айыптуулар жазаланмайынча эски жара ырбай берчүдөй. Эгерде Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди кармап келишсе, булар жандарына күч келгенде баардык чындыкты айтып беришмек. “Келме кезек” дегендей, Соке командасы менен соттолуп кетеби? Акыры ошого бараткан өңдүү...
"Азия Ньюс" гезити