Темирлан Султанбеков бийликти уттубу? Жалгыз оппонент...
Камактагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 57 күндөн бери ачкачылык кармап атат. Анын абалы начарлап, алы кетип, көзүнө, бутуна доо кеткени кабарланды. Жаш саясатчынын мындай абалына кыргыз коомчулугу эле эмес, Батыш өлкөлөрүндөгү саясый күчтөр да тынчсызданууда. Эл аралык коомчулукка Темирлан Султанбековдун камалышы резонанс жаратып келет. Социнтерн тарабынан жаңы жыл астында “Саясый туткун” катары бааланып, чоң талкууга жем таштады. Эске салсак, ал Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда добуш сатып алууга шектелип, бирок жетиштүү далилдер табылбай, кылмыш иши арабөк абалда калган. Мындан улам Темирлан саясый күрөштө артка кайтпай, бийликти утуп атканы ушулбу? Андыктан, аны эркиндикке чыгаруу менен гумандуулук жасалса, оппозициялык маанайдагы оппонентке татыктуу мамиле кылышкан болот эле...
"Азия Ньюс" гезити