Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен билген Мелис Эшимканов

Мен билген Мелис Эшимканов

24-декабрь, 12:00
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ооба, Түгөлбай Казаков башында турган уюштуруу комитети Мелис Эшимкановдун 60 жылдык юбилейин терең маңыздуу жана жогорку деңгээлде өткөрдү. Бул иш-чара кыргыз элинин чыгармачыл чыгаан уулдарынын бири Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган бир эле сүртүм. Анткени анын элине калтырган ак эмгеги эбегейсиз зор жана ар дайым биз менен. 

Айтайын дегеним, улуу Лениндин улуттук идеологиясынын негизинде калыптанган Кыргыз Советтик Социалистик Республикасы союздук республика катары өз алдынча саясый, экономикалык жана социалдык өнүгүү жолунда жаңыдан гана алгачкы олуттуу кадамдарга барып, жакырчылыкты жеңүү максатында башталгыч мектептерде окуган балдарга бекер ысык тамак бердирип, кыргыз тилин окуу орус мектептерине да киргизилип, кыргыз элинин бай тарыхын, көөнөргүс каада-салтын жана бийик руханий дүйнөсүн таануу илимий жолго коюлуп баштаганда, кайдан-жайдан келгени белгисиз, ашынган интернационализмди туу туткан нигилист-партократтар бийликти басып алып, кыргыз элинин тагдырын ашынган шовинисттердин эксперименттик талаасына айландырып беришпедиби. 

Натыйжасы белгилүү: орусча сүйлөгөндү билбеген оштуктар 2-сорттогу эл болуп, борбор калаабызда жалгыз кыргыз мектеби бар чүйлүктөр балдарын түшүнбөй, кыздары энесин түшүнбөй кызык эле болбодукпу. Ошондо 1987-жылдын 4-5-декабрында Фрунзе шаарында “Совет элинин улут аралык мамилесин интернационализмдин негизинде өнүктүрүү” темасында өткөн илимий-практикалык конференцияда Чыңгыз Төрөкулович Айтматов бүткүл дүйнөлүк кадыр-баркын жана керт башынын тагдырын канжыгага байлап коюп, кыргыз элинин тилин, дилин жана рухий байлыгын ашынган шовинисттердин тоталитардык таш тегирменинин оозунан жулуп алып, маңкуртташып бараткан элинин акыл-эсин, каада-салтын жана рухий дүйнөсүн сактап калды. Ошентип, Кудай сүйгөн улуу кыргыз элинин тагдырын биринчи жолу Манас атабыздын өзү, экинчи жолу анын чыгаан урпактарынын бири Чыңгыз агабыз дүйнөлүк кыйроодон сактап калганы ачуу чындык.

Ошол эле убакта Батыштан соккон демократиянын желаргысы күч алып, Карпат тоосунан Сахалин аралына чейинки мейкиндикте жайгашкан Улуу Совет империясынын ичинде “кайра куруу” (перестройка) процесси жүрүп жатты. Ошол кыйчалыш убакта ойгонгон кыргыз элинин алдыңкы катардагы уул-кыздарынын колдоосу менен 1989-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили” мыйзамы кабыл алынганы белгилүү. Эркиндикти эңсеген кыраан кыргыз элинин ичинде ар дайым бугуп жаткан ойчул, акын, ырчы, чечен, асыл, тапан уул-кыздары болот эмеспи. Ошол убакта, ошол шартта чагылгандай жарык чачып, Арстанбек атасындай акыл калчап, Жээренче чечен агасындай сөзүн таптап, Атаке бийдин дипломатиялык сапатын сактап, алгачкы чыйыр жолун “Ленинчил жаш” гезитинин беттеринен баштап аренага чыккан чыгаан уулдарыбыздын бири – Асаналы атасынын уулу Мелис деген жигит капысынан көпчүлүктүн көңүлүн буруп, айткан сөзү, кылган иши жана ачык-айрым мүнөзү менен элдин купулуна толо баштады.

Кийин анын замандашы жана калемдеши Түгөлбай Казаков мырза айткандай, “Демократиянын кыргызча сайраган алгачкы карлыгачы, сөз эркиндигинин тунгуч трибунасы – Мелистин “Асабасы” – күчтүү кадрларды тегерегине топтоп, эски стереотиптерди бузуп, кыргыз журналистикасында жаңы багыттарды ачып, өжөр позициясы менен бир эле мезгилде үч башка гезит чыгарганга чейин үлгүрүп, алардын ар биринин нускасын 100 миңге чейин жеткирди”. 

“Кыргызды кул болуудан “жиндилер” гана сактап калат. Мен Мелистей Чоң Жинди менен бирге иштеп, ээги эки кабат, желкеси жети кабат болгон улут жегичтерди адам кылабыз деп жинди болгонубузга сыймыктанам” дейт Шайлообек Дүйшеев.

Мелис Эшимкановдун хандан-бектен кайра тартпаган көкжалдыгына таң берген анын калемдеши Жеңишбек Эдигеевдин айтымында, “Кырааны болуп кыргыздын, Чолпону болуп жылдыздын, сууруп чыккан тереңден “Асабасы” Мелистин айтпаганды айтканы, дебегенди дегени, жазалекти жазганы элдин оозун ачканы...” деген мүнөздөмөсүнө конкреттүү мисал катары башыбыздан өткөн бир гана фактыга токтоло кетким келет. 

“Асаба” гезитинин №39, 1998-жылдын 2-октябрында жарык көргөн “Дардак такта” деген рубрикада жарыяланган: “...Экинчи эне тилиң деп эки энелүү дедирген. Малчы-маң кылып кыргызды, Маскөөнүн атын теминген. Таалайы бийик жарыктык, Тажадың неге жериңден?” деген экспромттук материалдын негизинде ошол кездеги Кыргыз Республикасынын ЖК депутаты Турдакун Усубалиев аксакал Бишкектин Ленин райондук сотуна доо-арыз менен кайрылган: “Асаба” гезити көп жылдан бери далилсиз менин жеке адамдык аброюмду, ар-намысымды кордоп, коом алдында моралдык жактан басынткан, коомдук саясый жана мамлекеттик ишмердигимди каралап, депутаттык милдетимди аткарууга мүмкүнчүлүк бербей, психологиялык, моралдык кысым көрсөткөн макала-материалдарды атайын жарыялап келет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 18-статьясынын, Кылмыш-жаза кодексинин №104, 113, 127, 128, 341, 353-статьяларынын, ММК жөнүндөгү мыйзамынын 8, 17, 23, 24, 25, 27-статьяларынын негизинде “Асаба” гезитинин кожоюну Мелис Эшимканов кылмыш ишине тартылсын. Менин доо-арызым толук чечилгенче мага “Асаба” куугунтук, моралдык-психологиялык кысым көрсөтө албас үчүн газетаны чыгаруу токтотулсун. Мага моралдык жана материалдык чыгым катары “Асаба” гезити 50 млн. сом төлөп берсин” деп. 

Жыйынтыгы белгилүү. Убагында Моссоветтин сунушу менен Усубалиев Акаевдин кандидатурасын колдоп, политехтин завкафедрасынан Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын президенттигине чейин жеткизип, жолун ачып берген. Бул жолу Акаев да (көпчүлүк кыргыз элине белгисиз факт. прим. – К.Т.) Усубалиевдин дооматын колдоп, “Асаба” гезитин жаптырып, Усубалиевдин пайдасына 5 млн. сом өндүрүп берген.

Бирок андан Эшимкановдун ташкындаган дайрасы токтоп калган жок. Ал андан да катуу агылып, андан да туруктуу “Агымга” айланганын көпчүлүк элибиз жакшы билет. Ошол жаңылануу, кайра куруу мезгилинин агымына сугарылган жаш муундардын өкүлү, студент Мамасалы кызы Гүлүнүн айтканы бар: “Чындыкты тартынбай айтканы, бийликтин элге билинбеген былыктарын, мамлекеттин беделине доо келтире турган жашыруун фактыларды коомчулукка жарыялоодо “Агымдын” эрдиги күч. Гезиттен Батыш журналистикасынын стилин да байкоого болот. Бул гезит кыска , так, ачык, ошол материалдын өзөгүн берип турат. Ал эми заманга ылайыкталган гезиттин дизайны, жасалгасы кыргыз гезиттеринин эле эмес, алдыңкы деген орус басылмаларын да артка калтырат. Негизинен эле “Агым” гезити кыргыз гезиттеринин көч башы деп эсептейм” деп.

Экинчи эрдиги катары – ошол “Агым” гезитинде 2003-жылдын 13-жана 17-июнунда жарыяланган “Кыргыз экономикасы физик Акаевдин көз карашы менен” аттуу кенен материалда Кыргыз Республикасынын президенти А.Акаевдин “Переходная экономика глазами физика” деген илимий эмгегине карата айтылган сын-аналитикалык материал болуп калды. Анда анын 1993-1995 жана 1996-2000-жылдары Кыргызстанда жүргүзүлгөн “Кыйратып кайра куруу” экономикалык реформалары, өтө эле жумшак айтканда, реалдуу экономикага тийешеси жок, кадимки эле акылга сыйбаган абстрактуу демагогия болуп калганы ачык айтылган.

Жана анын үчүнчү эрдиги катары, албетте, Аксы окуясынын негизинде Кыргызстанда күтүүсүз жерден пайда болгон экстремалдык шартта – эл менен бийликтин ортосунда өрт тутанып баштаганда эки жааттын өкүлдөрүн элдештирүү максатында Эшимканов Мелистин эстен кеткис эрдигин, чечкиндүүлүгүн жана кадимки дипломатиялык талантын айтпай кетүү мүмкүн эмес. Анын ар бир сөзү, кылган иши жана мамилеси ар дайым ар бирибизди өзүнө тартып турар эле. Ооба, ал азыркы кайрымдуулукту туу туткан, ак эмгегин элине, жерине арнаган жаңы заманыбыздын каарманы, жараны, адамы эле.

Албетте, убакыт өткөн сайын ар бир адамдын элеси, мүнөзү да арабыздан алыстай баштайт. Бул табияттын мыйзам ченемдүү тартиби. Анын астында, албетте, бардыгыбыз бирдейбиз. Бирок, ошондой болгон күндө да Мелис Эшимкановдун бир мүнөзү – анын көроокатка алданып, көрпенделикке барбаган атуулдук абийири, адилеттүүлүктү туу туткан мекенчилдиги, б.а., анын байлык менен бийликтен бийик турган жарандык даражасы жана рухий дүйнөсүнүн тазалыгы. Балким ошон үчүн “Погиб поэт, невольник чести, пал оклеветанный молвой...” болуп кеттиби деп да ойлойм кээде.

Мен муну эмне үчүн айтып отурам? Анткени аны менен бирге иштеп, бирге жүрүп, кыргыз журналистикасына чыйыр салган улуу инсандарыбыздын жолун жолдоп, алардын кадыр-баркына шек келтирбеш үчүн, өзгөчө акыркы убактарда, жаандан кийин жайнап чыккан козукарындай пайда болгон сатынды саясый серепчилердин армиясына альтернатива катары “Мелис Эшимкановдун стили” керек болуп турат деген ойдомун. 

Ал чыгармачылык топтун курамында, албетте, улуу муундун улуу жолун улап келаткан Түгөлбай Казаков, Султан Раев, Байма Сутеновалар менен бирге  Асланбек Сартбаев ж.б. ондогон, жүздөгөн таланттуу жаштарыбыз, карапайым калкынын түбөлүк кызыкчылыгына ак эмгегин арнаган калеми курч, пейли кенен, ниети таза уул-кыздарыбыз бар экенин баса белгилеп айткым келет. 

Анткени, өткөн өксүк жылдардан аман-эсен өтүп, Кудай сүйгөн улуу кыргыз элибиздин көөнөргүс каада-салтын, терең акыл-эсин, бийик руханий дүйнөсүн жана нарктуу дөөлөтүн элине кайрып берүүнү максат кылып коюп, күнүмдүк турмушубузда жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алып, кайрымдуулукту жана адилеттүүлүктү туу туткан жаңы бийлик өкүлдөрүнүн аракетине колдоо көрсөтүү – ар бирибиздин вйык милдетибиз болуш керек деген ойдомун.

Ошол эле убакта кыргыз элинин атын жамынып алып, бүткүл дүйнө элине маалым болгон кыргыз элинин айкөлдүк мүнөзүн, жаш баладай ишенчээк кыялын кыянаттык менен пайдаланып, анын табият тартуулаган байлыгын талап-тоноп байыган көрпенделердин кыянатчылыгы – тынч жаткан элдин ыркын бузуп, ачыктан ачык эле чагымчылдыкка барып жатышканы, албетте, ар бирибизди ойлондурбай койбойт. Кыргызда “Жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, убагында ошол айкөл элинин ырыскысын талап-тоноого түздөн-түз тийешеси бар айрым амалкөй арзыматтар, улуттук нигилисттер, чет элдик реакциячыл уюмдарга кызмат кылган бейөкмөтчүлөр жана кадимки эле катардагы кара курсактын кулу – мансапкор-жазмакер жана эне сүтүн унуткан маңкурттар экени да жалпы коомчулукка маалым.

Айтайын дегеним, мындай шартта, албетте, Мелис Эшимкановду билгендер эч качан элдин кызыкчылыгына каршы эч кандай кадамдарга барышпайт. Анткени алар билишет, Эшимканов эч кимдин бийлик даражасына карабай туруп, акырын гана, сыпайы, ар бирин өзүнчө такалап туруп, сазайын колуна карматып коймок экенин. Ал эми аны билбегендерге, албетте, айла жок. Алар менен бийлик өкүлдөрү өзүлөрү эсептешип, албетте, мыйзам чегинде, элибиздин тынч жана бакубат жашоосуна бардык шартын түзүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетишет деп ишенем. 

Сөзүмдүн акырында, мен билген Мелис Эшимканов инибиздин арбагын сыйлап, анын сүйкүмдүү асыл жары Асел айымга жана анын жолун жолдоп, ишин улантып жаткан чыныгы дос, коллегаларына терең ыраазычылык билдирем!


Урматым менен агаңар Карыбай Турусбеков

Тел.: 0704-20-06-12 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер