Шаршекүл Аманова: “Жөнөкөй адилеттүүлүк менен чындыкты талап кылуудан коркуп калдык”


2022-жылдын 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бу саам Эрлан Бекчоро уулунун жубайы Шаршекүл Аманованы кепке тарттык.
-- Шаршекүл, жолдошуң Эрландын камакта жаткан күндөрүндө үй-бүлөдө орчундуу эмне өзгөрүүлөр болду?
-- Жолдошум Эрландын камалганына 180 күнгө чукулдап калды. Ооба, бул күндөрдү манжа менен санап койсо болот, бирок абактагы бир күнүң эркиндиктеги 10 күнгө тете. Анын үйдө жоктугу кадимкидей эле билинет. Кызыбыз атасына аябай жакын болуп чоңойгон. “Атам кайда? Качан келет?” деген жоопсуз суроолору жүрөгүмдү мыжыгып эзчү болду. Өзгөчө түндө ойгонуп алып, кусалыгынан ыйлаганда, ага кошулуп мен да бугумду чыгарып алчу болдум. Жаңы кийим алып берсем, “атама кийип барабыз, ээ? Жүрү атама!” деп босогодо отуруп алганда эмне дээримди билбей, көзүмдөн жаш тегеренип, жандүйнөм сыгылып кетет. Балдарыбыз жаңыдан тамтуң басып, тили чыгып жатканда Эрландын үйдө жоктугу аябай чоң сокку. Эгерде Эрландын күнөөсү болсо, анда мейли эле, бирок эч бир айыпсыз, күнөөсүз камалып жатканы – үй-бүлөсүн, жакындарын кошо камоого тете болуп жатпайбы! Мындан өткөн кордук жок деп билем. Бүгүнкү күндө жерди бергендер эмес, “Кемпир-Абад Кыргызстандыкы, берилбесин!” деп чыккандар кылмышкер болуп жатпайбы! Бул акылга сыйбаган абсурд!
-- Ал эми өлкөдөгү өзгөрүүлөрдөн эмнени байкап атасың?
-- Өлкөдө чынында чоң өзгөрүүлөр орун алууда. Конституциялык же адам укугун мындай кой, бүгүн жөпжөнөкөй адилеттүүлүк менен чындыкты талап кылуудан коркуп калдык. Бул талаптарды кечээ аянтта айгай салып жаткандардын бири да айтууга батына албай турат. Мындай жүрүш менен эртең бизди коён жүрөк, тартынчаак, маңкурт келечек күтүп турат...
-- Кемпир-Абад боюнча козголгон кылмыш иштери эмне менен бүтөт деп ойлойсуң?
-- Кемпир-Абад боюнча козголгон кылмыш ишинин келечеги жок. Аларга азыркы күндө бештен-ондон берене илип, сотко жөнөткөнү турушат. Бул жерде кылмыштын курамы эмес, жыты да жок. Акыр-аягы бул иш менен кармалгандардын баардыгы акталат. Тарых актайт. Бирок, ошол эле учурда мамлекет башчыларыбызга кайрылып, айкөлдүк сурайт элем: өч алууну өнүгүүгө, кысымды консолидацияга, репрессияны реформаларга жумшасак.











