Айданбек Акматов: “Өзүбүздүн алтынды жөндөй албай, кайрадан таз кейпибизди кийип, акча сурап жүрөбүз”


-- Азербайжанга болгон сапардан соң президентибиз көп суроолорго жооп берип, “Кабар” маалымат агенттигине маек берди. Жоопторго канааттандыңызбы?
-- Конкреттүү кээ бир учурлар боюнча жооп болгон жок. Бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси Кумтөр боюнча келишимге кол коюлгандан 90 күндөн кийин айтылары ачыкталган. Ал жак эмне болуп жатат? Бизге абдан кооптуу жагдайлары да билине баштады, 21 кг алтынды 9,5 доллардан сатышкан. Рыноктун баасы болсо 58 доллардан болуп атса. Ортодогу миллион доллардан ашык акча кайда кеткени белгисиз. Ушул нерселер ачыкталган жок. Казылган алтын канчадан сатылып жатат? Кайда кетүүдө? Бул коом аябай тынчсызданып күтүп турган иштер. Өзүбүздүн алтынды жөндөй албай, кайрадан баягы таз кейпибизди кийип, акча сурап жүрөбүз.
Андан кийинки маселе, журналисттерге жасалган кысым. Болот Темировго эмне деген кысым жасалып жатат? “Мынча эле алып коюптур, мындай экен” деген болбош керек. Уурулуктун аздыгы болбойт. Кызмат абалынан пайдаланып жатса, башка жактарда да шектерди жаратат. Коомдун ишенбөөчүлүгүнө түртөт. Ошол кызмат абалынан пайдаланганды ачыкка чыгарган журналистти кысымга алып атышат.
Маселелер абдан көп. 16 гектар жер боюнча да так маалымат жок. Ал жерде чоң сумма тууралуу сөз болууда. 16 гектар жерге 70 үй куруларын айтып атышат. 70 үйдө миңдеген квартиралар болот. Алардын баасы жүздөгөн миллион долларга жетет. Эсептеш керек. Айтор, бул жерде маселелер көп.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











