Чыңгыз Айдарбеков: “Отуруп алып сындай берген менен маселени чече албайбыз”

-- Чыңгыз Азаматович, бүгүн бир топ депутаттар Россиядагы биздин мигранттарыбыздын көйгөйлөрү жөнүндө маселе көтөрүшүп, алардын абалын жеңилдетүү үчүн кош жарандыкты киргизүү керек (!) деген сунуш айтышты. Кош жарандуулук биз үчүн канчалык пайдалуу, эң негизгиси, Россия тарап ошого макул болобу?
-- Менимче, биз бул маселени адегенде кенен форматта, министрлер кабинети менен чогуу талкуулашыбыз керек. Коопсуздук, экономика жагынан кандай таасир этет (?), ушунун баарын терең таразалоого тийишпиз. Эң башкысы, коомчулук менен акылдашуу зарыл.
-- Депутаттардын бир тобу Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жаткандыгын сынга алышты. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
-- Албетте, ЕАЭБге байланыштуу артыкчылыктар да, көйгөйлөр да бар. Ошондуктан, биз өзүбүздүн өнөктөштөрүбүз менен тыгыз байланышта иштешибиз керек. Эгер дасыккан профессионалдар мигранттарга байланыштуубу, же жүктөрдү өткөрүүгө байланыштуу болобу, маселени туура коюшса, ЕАЭБдин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, аны чечсе болот. Чындыгында эле бүгүнкү күндө биз ал мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатабыз. Биздин өнөктөштөр деле маселени чечкенге каршы эмес, “кайрылгыла, отуруп чогуу сүйлөшөлү” деп жатышат.
-- А чогуу отуруп чечкенге эмне жолтоо болууда?
-- ЕАЭБдин түзүмүндө ар кайсы багыттар боюнча биздин өкүлдөр отурушат. Мисалы, бажы, салык, миграция, социалдык маселелер боюнча. Ошол өкүлдөр маселени көтөрүп, өнөктөштөрүбүзгө жеткирүүгө, “биздин ортобузда келишим бар, биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасында товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана жумушчу күчү эркин жылууга тийиш” деп аларды ынандырууга аракет кылуулары керек. Айтып гана тим болбой, тийешелүү документтерге таянып далилдеши зарыл.
-- Демек, көп нерсе биздин өзүбүзгө байланыштуу тарбайбы?
-- Албетте, көп нерсе бизден көз каранды. Сүйлөшүп, кеңешиш керек. Мисалы, катчылыкка кайрылып, же министрлердин деңгээлинде. Ошол жактан талкуулоо кажет. Жөн эле отуруп алып сындай берген менен биз маселени чече албайбыз.
-- Жакында парламенттик делегация Москвага барат турбайсыздарбы? Ушул маселелерди да көтөрөсүздөрбү?
-- Төрагабыз баш болуп көтөрөбүз деп ишенем. Андан сырткары, мен өзүм жеке түрдө диаспоралар менен жолугуп, баарлашып, кайсы багытта иш жүргүзүү боюнча алардын да кеңештерин укканы жатам.
"Азия Ньюс" гезити