Исхак Раззаков түптөгөн УИАнын “жаназасы” окулганы калдыбы?
«Илим – ийне менен кудук казгандай» деп бекеринен айтылбайт. Илим менен алектенип, улуу жолго түшкөн адам ага бүт өмүрүн арнаганга даяр болот. Айрым учурларда илимди карьералык өсүш максатында кандайдыр бир трамплин, статус катары колдонуу үчүн бир нерселерди чампалап же плагиаттык кылып илимий даражаларды алгандар бар. Албетте, андайларды “илимдин адамы” деп айтууга ооз барбайт. Алар өздөрү деле илимий ишин коргошуп, илимдин кандидаты, доктору күбөлүгүн алары менен “куйруктарын түйүшүп”, мамлекеттик кызмат же же бизнес тармагына шуу коюшат. Керек болсо илим жолун жаманатты кылгандар, коммерциялаштыргандар да ошолор. Элибизде “Кой аксагы менен миң” деп айтылган жакшы сөз бар, ошол сыңары өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга карабай, аз айлыкка кайыл болуп, илимдин фанаты катары тер төгүп иштеп жүргөндөрдүн басымдуусу улуттук илимдер академиясында эмгектенишет.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын калыптанышы 1943-жылы башталган жана СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалы уюштурулган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында филиалдын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы түзүлгөн. Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адам болсо, алардын 12си илимдин доктору, ал эми 83 илимдин кандидаты.
1993-жылы КР Илимдер академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен КР Улуттук илимдер академиясы болуп кайра түзүлгөн. Эми жакында ушул “илимдердин храмы” болгон мекемени “ЖОЖдор менен интеграциялоо” деген шылтоо менен чилдей таратууну максат кылган шойкомдуу долбоорду өлкө башчысына сунуштаган топ пайда болуптур. Алардын “ашынган реформаторлук” пикиринде, УИАны ЖОЖдор менен интеграциялоо зарыл экен.
Материалдык-техникалык базасы бай, кадрдык потенциалы, эң башкысы, Конституциялык макамы бар УИАнын түбүнө жетүүнү максат кылган ал долбоор стратегиялык жактан чоң жаңылыштык болорун далилдөөгө аракет кылып көрөлү...
Биринчиден, жогорку окуу жайларынын башкы миссиясы – билим берүү! Билим берүү – бул коомдун өнүгүшүнө жана функционалдашуусуна активдүү таасир этүүгө жөндөмдүү, салыштырамалуу өз алдынчалыкка ээ автономдуу система. Бирок билим берүүнүн башка тармактарга салыштырмалуу өз алдынчалуулугун ашыра пайдаланып, анын мамлекеттик милдеттенмелерден такыр эле оолактап кетишине жол берилбеши керек. Жогорку билим берүү процесси үч негизги тутумду өз ичине камтыйт. Алар: 1) билим берүү, 2) илим, 3) тарбия. Булардын ар бири өзүнчө чоң түйшүктү талап кылган татаал процесс. Анүстүнө азыр ЖОЖдордун мугалимдери айлыктын аздыгынан жумуштан сырткары учурларда бири соода-сатык менен алектенсе, айрымдары “тармактык маркетинг”, кээси фермерлик, айрымдары дыйканчылык кылып, таксист болуп, кыскасы, ким эмне колунан келсе ошо менен алектенип, негизги жумушу экинчи, керек болсо үчүнчү планда калганы жашыруун эмес. Турмуштук татаал шарттардан улам ЖОЖдордун окутуучуларынын илимий иштер менен алектенүүсү 60-70 пайыз формалдуу эле көрүнүш болуп калган.
Ушул жылы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгы чыкты, орто мектеп мугалимдеринин айлыгы сезилерлик көтөрүлдү. Ал эми жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын айлыгына жарыбаган (2000-2500 сом) сумма кошулду. “Ар бир окуу жай өз мүмкүнчүлүгүнө жараша көбөйтсүн” деген тапшырма болгон, бирок ооздорун куу чөп менен аарчыган ЖОЖ жетекчилери өз билгенин кылышып, болор-болбос акча кошуп кутулушту.
Кыргызстанда билим берүү системасы кризиске белчесинен, керек болсо кокосунан баткан десек болот. Өлкөдөгү жалпы экономикалык абалга шылтап, тармактын күнүмдүк маселелерин чечүү менен алектенген өкмөт улуттун келечек тагдырын тайкылантчу маселеге, тактап айтканда, билим берүүгө көз жумду мамиле кылууда. Керек болсо башында сөз болгон билим берүүнүн автономдуулугу да кыргызга каршы иштеп жатканы өкүнүчтүү. Бул өзгөчө жогорку окуу жайларында байкалат. Мисалы, министрликтин буйругу менен сөзсүз түрдө киргизилиши милдеттендирилсе да айрым эл аралык жана менчик окуу жайларда Манас таануу, кыргыз тили сабактары өтүлбөйт. Канча жылдан бери улуттук коопсуздуктун негиздери, улуттук баалуулуктар, руханий өнүгүү жана улуттук нарк-насил деген предметтерди киргизүүгө болгон аракеттерден эч кандай майнап чыкпай келет. Окуу жайдын жетекчилиги “ашкере үнөмчүлдүк кылып, кошумча штат ачкысы келбей жатат” дейин десең, ал жерде гендердик укук деген сабак кадимкидей өтүлүп жатканына күбө болосуң. Бул өзгөчө жеке менчик ЖОЖдорго тийиштүү көрүнүш. Билим берүүдөгү “көзкаманчылык” эмей эмне?
“Илим менен жогорку мектепти интеграциялоо” деген жүйө менен тарыхы терең кыргыз илиминин калыптанышында бараандуу орду бар УИАны жиликтеп салуу – бул өлкө келечегине карата диверсия менен барабар. Тийешелүү каржылоо, системдүү иштер болбой туруп, андай кадамга барсак, убакыт өтүп илимий жетишкендиктерди, жыйынтыктарды конкреттүү түрдө сурай турган учур келгенде ЖОЖдор “биздин башкы миссиябыз – жаш муунга билим берүү, анан тарбияга негизги басым жасалып, илим изилдөөдө олуттуу натыйжаларга жетишүү кыйын болду” деп алакан жайышары турган иш.
Билим берүү мекемелерине салыштырмалуу кыргыз илиминин храмы болгон УИА (мындан ары модернизациялоо, реформалоо жолу менен) илим изилдөөнү толук кандуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жогору. Академияда учурда 20га жакын институттары, башка илимий-лабораториялык структуралык (республиканын баардык региондорунда) түзүмдөрү бар. Алардын ар бири өз багыттары боюнча долбоорлор менен изилдөө иштерин жүргүзүп келе жатышат. Ага карабай кыргыз интеллигенциясы менен киндиктеш, Исхак Раззаковдун аракети менен ачылып, убагында республиканы алга сүрөөгө чоң салым кошкон мекемени өздөрүнүн көйгөйлөрү башынан ашкан ЖОЖдорго жиликтеп бөлүштүрүп берүү саясый жактан чоң ката болот.
Бир кезде УИАнын мүчө-корреспонденттигине, академиктигине өтпөй, кыжынып калган айрым топ “илим храмын” ЖОЖдор менен интеграциялоо (!) деген шылтоо менен жоюп тынгысы келип жатканы жашыруун эмес. Эгер алардын шыкактоосуна берилип, өлкөнүн биринчи, экинчи адамдары КР УИАны жоюу боюнча саясый чечимге барышса, анда алар “жаназасын окугандар” катары тарыхта калары шексизби?
Чолпонбек Сыдыкбаев
"Азия Ньюс" гезити