Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркин Мамбеталиевдин жакын адамы Жамалбек Ырсалиевди байкабай калдыңарбы?

Эркин Мамбеталиевдин жакын адамы Жамалбек Ырсалиевди байкабай калдыңарбы?

19-май, 23:04
601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев убагында Эркин Мамбеталиевге ыктап, жакын тууганы катары аны сындагандарга каршы чыгып, айтор, “өз бала” катары кызмат кылчу эле. Ооба, агезде Алмазбек Атамбаевдин доору, Эркин Мамбеталиевдин иш жүрүшүп, дөөгүрсүп жүргөн чагы болчу. Ушул адамдын аркасынан Жамалбек телчигип, элге аралашып, акча табуунун да жолдорун үйрөнгөн эмес беле? Азыр башка заман, экөөнүн карым-катышы кантип атты экен? Эркин Мамбеталиев оор кылмыш иштерине айыпталып, миллиондорду “кусуп”, түрмөдө жатат. А Жамалбек Ырсалиев бийликтин командасындагы активдүү блогер-чиновник, мындайча айтканда, Бишкек шаарынын жүзү! Оомал-төкмөл заманда бири-биринен кабар алышып жатышты бекен? Негизи оор кылмыш иштерине айыпталган адамдардын жакындары, туугандары кызматтардан кетип атканы салтка айланганы эсибизде. Бул саам көз жаздымда калгандай го? Же Жамалбек азыркы бийликтен да дос-тууган таап, ишенимге бекем кирип алганбы? Айтор, тазалануу саясаты ырааттуу жүрбөй, орто жолдон алаланып атканы таңгалычтуу...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер