Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Владимир Путин Тажикстандан кийин Түркмөнстанга барды

Владимир Путин Тажикстандан кийин Түркмөнстанга барды

29-июнь, 20:13
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандагы сапарынан кийин Түркмөнстанга барды. Кремлдин сайты 29-июнда билдиргендей, Путин Ашхабадда Каспий саммитине катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Буга чейин саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Ирандын жана Түркмөнстандын лидерлери да катышары кабарланган.

Бир күн мурда Путин орус күчтөрү Украинага басып киргенден бери биринчи жолу Россиянын аймагынан чыгып, Тажикстанга барган. Ал Душанбеде тажик президенти Эмомали Рахмон менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн журналисттер үчүн ачык бөлүгүндө Рахмон соңку беш ай ичинде Тажикстандын Россия менен соода жүгүртүүсү дээрлик 50%га өскөнүн, башка тармактарда да кызматташтык илгерилеп жатканын айтты.

"Өзгөчө биздин өлкөлөрүбүздүн коопсуздук тармагындагы жакын кызматташтыгын баса белгилегим келет. Сиз менен мамилебиздин келечегин, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалга басым жасоо менен эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даярмын” деп билдирди Рахмон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер