Бактыгүл Мырзабек: “Эң туура инвестиция – билим алууга болгон аракетибиз”

Кыргыз кыз-келиндеринин өнүгүүсүнө салым кошуп, онлайн иштөөнүн жолун көргөзүп, ийгиликке жетелеген насаатчы, маркетолог, инфопродюсер Бактыгүл Мырзабек кызы менен кызыктуу маек курдук.
-- Алгач мыкты насаатчы, маркетолог, инфопродюсер тууралуу таанышсак?
-- Мен 26 жаштамын. Кара-Кулжанын кызымын. Сүйүктүү жар, мээримдүү энемин, ошол эле учурда эрке кызмын. Бир уул, бир кызыбыз бар. Азыркы учурда Кыргызстанга келдим. Негизи Москва шаарында турабыз.
-- Сенин курсуңдан жүздөгөн айымдар билим алып кетсе, канчасынын жумуш табууга мүмкүнчүлүгү бар?
-- Негизи эле баарында эле 100% кирешеге чыгып, иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал мүмкүнчүлүктү колдонуу өзүбүздөн. Мисалы, менин ар бир курсум бүткөндө НПС чогултабыз. НПС – бул аткарган кызматыбыздын жыйынтыгы. “Студенттерим канча пайыз иш аткарды? Канча пайыз студент кирешеге чыкты?” деп. Дал ушул НПС 95% студентим кирешеге чыкканын айгинелейт. Ал эми 5% студентим балким үй-бүлөлүк көйгөйлөрүнө байланыштуу, же болбосо бул тармак аларга эмес экенин түшүнгөндөн улам, же башка маселелердин айынан жыйынтык көргөзө албагандар. Мисалы, биз мектепте деле жалаң “5ке” окуп, кызыл диплом менен аяктабайбыз. Ошол сыяктуу эле ким курс учурунда тапшырмаларды айткандай аткарып турса, сөзсүз түрдө жыйынтык болот. Сөзсүз түрдө буга менин 2,5 жыл басып өткөн жолум, тажрыйбам, билимим таасирин тийгизет. Бул нерсенин баарын практика жүзүндө колдонуп жүргөндүктөн, туура жолду көрсөтүп, колдоп-коштоп турам.
-- Кыргыз тилдүү СММ кандай өнүгүп жатат?
-- Кыргызстанда көп жашабагандыктан болсо керек, менде мекенчилдик сезим күчтүү. Себеби, биз кичине кезибизден баштап эле Россияда жашап, анан Ош шаарында 3-4 эле жыл туруп калдык. Ошол себептен улам элимди, жеримди сагынып, кыргыз элине жардам бергим келет. Өзүм сыймыктана турган иш – кыргыз тилдүү мектепте билим албасам дагы кыргыз тилине басым жасайм. Болбосо Россияда чоңоюп өсүп, ошол жакта окугам. Нукура кыргыз тилинде сүйлөгөн замандаштарымды жактырам. Азыркы учурда кыргыз СММ эми өнүгүү жолуна түшө баштады. Дагы да мыкты аракет жасасак, сонун деңгээлге чыгара алабыз. Маанайымды түшүргөн нерсе – орусча сүйлөсөм, өзүн жакшы сезеби, тренд (?) деп ойлошобу, билсе-билбесе да орусча сүйлөй башташат. Мен өзүм изденип, Инстаграм баракчамды кыргыз тилине басым жасап алып барам.
-- Жашоодо жол таппай, же иштери жүрбөй, кыйналган кыз-келиндерге кандай кеңештериң бар?
-- Негизи эле баарыбыздын жашообуз бирдей. Ар бир үй-бүлөнүн көйгөйлөрү бар. Адамдар бирде күлөт, бирде ыйлайт. Бирок дээрлик адамзат үчүн эң эле баалуу нерсе – убакыт. Убакытты баалап билишибиз керек. Ар бир адамдын жакшы сапаттары бар. Колунан бир нерсе келет. Чеберчилик же бир нерсе жасоо. Замандаштарыма, айымдарга айтарым, убактыңыздарды текке кетирбей, баалай билгиле. Кээде интернеттен же Инстаграмдан керексиз эле нерселерди көрүп, убактыбызды өткөрүп жиберебиз. Алгач баардык нерсени өзүбүздөн башташыбыз керек. Түз ниет, туура максат коюп, анан да күчтүү каалоо болсо, сөзсүз түрдө ийгилик жаратса болот. Менин колумдан келип аткан нерсе баарыңыздардын колуңуздардан келет. Баарыбызга 24 саат убакыт бирдей берилген.
-- “Онлайн тармагында эмгектенүү үчүн орус тилин билүү керекпи?” деген суроолор көп жаралат?
-- Канчалаган кыргыз ишкерлери бар. Алар бизнесин кыргыз тилинде эле өнүктүрүп, өстүрүшөт. Биз Кыргызстанда жашайбыз, баары кыргызча билет. Менин 80% студенттерим айыл жергесинде турган келиндер. Айрымдары орусча деле билишпейт. Кыргыз тилиндеги баракчаларды алып барып, сонун кирешеге чыгып жатышат. Өзүбүз аракет жасабасак, эч качан жашообуз өзгөрүлбөйт. Кыялдар орундаларын унутпайлы. Бирөө үйүбүздүн эшигин тыкылдатып, “кел, сенин жашооңду өзгөртүп берейин. Сен үчүн ушул иштерди жасап берейин” деп айтпайт. “Баатыр төрөлбөйт, баатыр жаралат” деген кеп бар. Адам төрөлүп эле басып, чуркап кетпейт. Алгач мойнун кармаганды, отурганды, анан жөрмөлөгөндү үйрөнөт. Акырындап тамтуң баса баштайт. Жыгылат, бирок “жыгылдым” деп отуруп албайт. Кайра басат. Биз да тынымсыз аракет жасасак, сөзсүз түрдө жыйынтык болот. Убагында бул ишке мен деле билбей эле келгем. Аракетимдин арты менен бүгүнкү ийгиликке жеттим. Бул менин аракетимдин, умтулуумдун жыйынтыгы. Алдыда мындан да чоң мүмкүнчүлүктөр турат. 26 жашта эле болсом дагы, бул жашоодо мүмкүн эмес нерсе жок экендигин түшүндүм. Көбү “бир ийгиликти жаратуу үчүн көп физикалык күч жумшап, акча табуу керек” деп ойлошот. Жок, азыркы кылым – маалымат кылымы. Адамдын идеясы жана тажрыйбасы болсо, көптөгөн ийгиликтерди жаратса болот. Эң туура инвестиция – билим алууга болгон аракетибиз. Билим – бул актив. Билимге кетирген инвестициябызды эки эселеп актап алабыз.
Акырында айтарым, ар бир адамга Алла Таала өз ырыскысын берген. Онлайн тармагына берген ырыскы да баарыбызга жетет. Бир секунддан кийин эмне болуп кетерибизди эч ким билбейт. Бүгүнтөн баштап аракетибизди жасайлы. Менин баракчама кызыккан окурмандар болсо bakulyamyrzabek баракчасына катталсаңыздар болот. Баарыңыздарга ийгилик каалайм!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити