Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик Данияр Үсөновду жек көрүп, аялы Динара Исаеваны аздектегени кандай?

Бийлик Данияр Үсөновду жек көрүп, аялы Динара Исаеваны аздектегени кандай?

13-август, 16:40
2 184 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Александр Лукашенко президент катары шайланган күндүн эртеси Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) ачкан ишканага барып, күтүүсүз кадам жасады. Биздин качкын эргулубуз Беларуста үлкөн инвестор болуп, ичти күйгүзүп атканы жашыруун эмес. Кыргыз бийлиги дал ошол Данияр Үсөновдун ийгилигине, Лукашенконун ага карата жылуу мамилесине туталанды. ТИМ мындай көрүнүштөн улам Беларусь элчисин чакыртып, нота тапшырып, түшүндүрмө талап кылды. Себеби, ал издөөдө жүргөн кылмышкер катары сыпатталат эмеспи. Айтор, эки өлкөнүн дипломатиялык алакасында нааразычылык жаралганы айдан ачык болуп турат... А эң кызыгы, ошол Данчиктин аялы Динара Исаева бийлик партиясынан шайлоого баратканы кандай? Бул кош стандарттуу, жагымсыз көрүнүш го? (2010-2015-жылдары эки ирет депутат болгон). Оор кылмыштарга шектүү Данияр Үсөновду Акүй чын эле жек көрүп атса, анда “көрөр көзүн” эмнеге аздектейт? Дал ушул Динара Исаева боюнча да түшүндүрмө берип коюшу зарыл. Эл эмне дейт?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер