Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москвада күйүп кеткен имараттан сегиз кишинин сөөгү табылды

Москвада күйүп кеткен имараттан сегиз кишинин сөөгү табылды

21-ноябрь, 17:11
359 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москванын борборунда күйүп кеткен имараттын урандыларынын астынан сегиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирип, дагы жети киши куткарылганын кабарлады.

Жекшемби күнү түштөн кийин Каланчевская аянтына жакын жайгашкан эки кабаттуу имаратта ири өрт чыккан. Ал жерде эмерек, чырак жана гүл дүкөнүнүн кампасы жайгашкан. Өрттүн жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө 42 техника, анын ичинде үч тик учак жана бир өрт өчүрүүчү поезд тартылган. Куткаруучулар жалын менен беш сааттан ашык күрөшкөн. Имарат толугу менен күйүп, кабаттар ортосундагы шыптары урап түшкөн.

Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Тергөөчүлөр кампада товар туура эмес сакталып, өрт коопсуздук эрежелери да бузулганын аныкташкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер