Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Мас аялдын көчөдө жатканын “өлүккө” айландырган...

(Видео) Мас аялдын көчөдө жатканын “өлүккө” айландырган...

27-март, 18:04
1 122 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн социалдык тармактарда Кант шаарындагы көчөлөрдүн биринде жаткан аялды камерага тартып, “Тез жардам” кызматы келбей жатат, милиция келип эч кандай жардам көрсөтпөй кетип калды. Адамдын өлгөнү ит өлгөндөй болуп калдыбы? Биздин “чоңдор” (бийлик) иштеген жок” деп сүйлөгөн жигиттин видосу кеңири тараган. Бул боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүчө маалымат берди.

“Бул боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, райондук ички иштер бөлүмү учурунда иш алып барган. Ал аял “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилип, катуу мас абалында экендиги аныкталган. Милиция тарабынан өздүгү такталып, ал Кант шаарынын тургуну С.В.К. аттуу аял болуп чыкты. Учурда аял кечирим сурап, таарынычтан улам көп ичип алгандыгын айтууда”.

Ал эми ушул абалдан пайдаланып, мындай чуулгандуу видеону тартып, жалган маалымат тараткан адам милиция тарабынан изделип жатат. Бул тууралуу “Барс медиа” кабар таратты

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер