Пиар көксөп дөөгүрсүгөндөрдүн айынан эл жапа чегип, кырыла бербеши керек

Самаркандда ШОСтун саммити болуп атса, ОДКБ алкагындагы союздаштар чабышып, Тажикстан Кыргызстанга кайтадан кол салып, кызыл кыргын болдук. Өткөн жылы да тажиктер ушинтип ит адатын карматып, Душанбеде саммит убагында кол салган. Былтыр 36, быйыл 59 жараныбыз окко учуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышып, үйлөр, коомдук жайлар талкаланып, өрттөнүп, коңшу тажиктер сөөк өчтү душманга айланып, капилеттен кол салуу өнөкөт сыңарындай курчуп бараткандай.
Былтыркы саммит убагындагы кол салууда ооз ачканга жарабаган ОДКБ эл аралык коомчулук алдында уюм катары дискредитация болгонуна катуу көңүл бөлүнүп, кызуу талкуу жараткан. Быйыл дагы Россия, Кытай, Индия, Иран, Түркия ж.б. баш болгон өтө бараандуу мамлекеттер жыйылып, катышкан мамлекеттердин элинин саны 3,9 миллиарддан ашкан саммит глобалдуу геосаясат менен алектенип, тажик-кыргыз кагылышына такыр эле көңүл бөлүшпөй, үндөбөй тарап кеткендей болушту. Себеби, АКШ баш болгон “бирдиктүү Батыш” менен Россиянын Украинадагы чайкашына Кытай менен Тайвань, Азербайжан менен Армения, Сербия менен Босния кагылышуусу жанданып, бүт жер үстү алоолоп, дүйнөлүк согуш чындап башталчудай болуп баратканда, биздикин жөн эле, тойдо классташ достор муштакандай көрүштү окшойт. ОДКБ боюнча жакын союзниктер чабышып атса, ошондой кабыл алышат да.
АКШ менен Россиянын Украинадагы калайманына караандабаганы менен “касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” дегендей, тажиктердин басып кирип аткылап, талкалап кеткени жаныбызды кейитип, каныбызды кайнатып турат.
“Ким күнөөлүү? Эмне себеп?” деп чамынып, Путин, Рахмондон баштап өзүбүздүн бийлигибизге чейин кыйкырып, бет тырмаштык. Акыры ата-бабадан калган, сырттан душман келгенде бир муштумга түйүлө калмай адатыбызды сактап, өз ара күнөөлөгөндү, айыптаганды азайткансып, бири-бирибизге кол сунуп, жардамдашууга бет алдык. Ошентсе да бийликке асылган активисттер койбоду. Анан бийликти коргомуш этип, оппозицияны – “бийликтин душманын” табалаган жалданган фейктеринин жаагы тынбады. Эл башына күн түшүп атса да эрегишин, өч алуусун унута албагандардын жаагы жабылбаганы бийликке деле аброй апкелген жок. Эл болуудан калып баратканыбызды айгинелегенсип гана турду.
“Керкисинде да, кемтигинде да бар” демекчи, жалгыз тажик эли күнөөлүү эмес, бизде да бардыр. Болбосо буга чейин 30 жыл аралыкта мындай кагышуулар, мынчалык жарандар забын болгон эмес. Азыркы бийлик келгени мамиле бузулуп, кайра-кайра кол салуулар болуп атканын кантип танабыз?
Жеке бийлигин сактап, мураскерине өткөрүүнү көздөгөн Рахмон, ага тоюп бүтүп кутула жаздаган тажик эли, элди көзгө илбей наркотрафик, контрабанда менен шугулданган Рахмондун кланы, авторитардык режимди кулатып, жаңы нукка түшүүнү көздөгөн эл толкунунан чочулаган Эмомали Рахмонго да согуш, сырткы душман менен элин алдап-сооло керек болуп жаткандай. Наркобарондор менен контрабандисттер да чек ара жабылып, трафик солгундаганына нааразы.
Кыргыздар деле ошобуз, ич ара бири-бирин айыптамай. Бийликтегилер бүт күнөөнү Адахан Мадумаровдун коопсуздук кеңешти жетектеп турганда кол коюп бергенин айтып бүтө албай жатышат. Ворухка коридор берүүгө макулдук берген купуялуу 39-протоколду бетке кармап, азыркы бийликти айыптап аткандар да бар. “Жарга такалган мышык деле иттин мурдун тытып алат” демекчи, “чекти жабабыз, күчкө салабыз, ач калганда чөгөлөйт” деген ишеним менен ашыкча дөөгүрсүп атып, бизден – кыргыздардан да кетип калган жокпу (?) дегиң келет.
Ошентип, Кыргызстанда азырынча “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деген заман. Эки тараптын жалданган курсагы ток дөбөттөрүнүн эле үнү эфирди чуулдатып ээлеп турат. Убакыт келет, тарых баарын тактайт. Бирок кандай деген күндө да биз тажиктер менен Кудай кошкон кошунабыз. Өмүр бою бет карашкыс, сөөк өчтү душман бойдон кала албайбыз да. Согуш ар дайым тынчтык келишим менен аяктайт. Андан кийин кайра кошуна катары тынчтыкта, достукта, тууганча өмүр сүрүүгө туура келет. Пиар көксөп дөөгүрсүгөндөрдүн айынан эл жапа чегип, кырыла бербеши керек. Бул жагын көзөмөлдөп, ошого жол бербегенге жетишкенде гана толук кандуу бышып жетилген коомго айландык (!) десек жарашат.
Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу
"Азия Ньюс" гезити