Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ааламга кеткен жол, космостук кораблдер, денедеги таза суулар

Ааламга кеткен жол, космостук кораблдер, денедеги таза суулар

18-август, 22:44
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Шаардан айылга келгендер “уйкубуз канып, өзүбүздү сергек сезип калабыз” дешет. Таза аба, таза суунун таасири го. Таза абада кан да жакшы айланат эмеспи. Белгилүү Чыгыш философу, дарыгер, акын Ибн Сина «ден соолукту сактоого суу менен абанын чоң ролу бар. Оору да ошол экөө аркылуу жайылат» деген тээ XI кылымда эле. 

Таза суу ичип, ажайып жерде жүрсөң, денеңдеги кан дагы илешкектей илээшип, бир-бирине жабышпай (илешкек-ириң, суук тийгендик, кандын кирдегени) бириндеп, дирилдеп жүгүрүп турат. Оорубаш үчүн сөзсүз эле айылга барыш керек эмес. Дененин 80 пайызы суу болсо, Ибн Сина айтмакчы, суу – жаман ой менен да кирдейт, оорлошот. Жамандыкка жакшылык кылуу кыйын (эр адамдын колунан келет), бирок жакшылыкка жакшылык кылганды (ар адамдын колунан келет) унутпайлы деген кеп. Ооругуң келсе, ириде бирөөнүн жакшылыгына күйүнө бер, айыгам десең сүйүн. Ошондо өмүр жашоонун сыры айланып келип эле өзүбүздүн колубузда экен да...

Бүгүн дагы таң атып-аталекте сыртка чыктым. Жаркыраган жылдыздар али тарай элек экен жымыңдашып.

Жарыктык, уч-кыйырсыз асманым эй, сага бир таман жол ачкандар эки аяктуу адамдар эмеспи. Космонавттар. Ошол космонавттар отуруучу кораблдерди жасагандар, мыктылагандар, түр-түрүн ойлоп тапкандар да ааламдын эшигин ачкандар.

Ушул Арал айылынан кулуну, академик Жаныбек Шаршеналиев агабызды эстедим. Ооба, ал киши да ааламга жол салгандардан. Убагында СССР илимдер академиясынын космостук изилдөө институтунунда жетектөөчү конструктор болуп иштеп, көп улуттуу элдерге үлгү болгон экен.

Атып келаткан таң менен бетме-бет келип турам бүгүн. Жылдыздар улам суюлуп барат...


Тазалык кыздын таржымалы 

Сууга барса секирип түшүп, толкун менен толкуп кетпеген, тоого барса аска-ташка жүгүрүп чыгып секирбеген, бак-бак сүйлөп, каткырып күлбөгөн, тыпырайган (өзү класста тазалык) Ира Кожомуратова деген бир кызыбыз бар эле класста. Ошо боюнча калыптыр, бир калыпта кирпигине кир жукпай.

Эсимде, биринчи класстын босогосун эми аттаганбыз. Бир кыз бир баракка бирден онго чейинки цифраны жазып туруп, партасына коюп кетти. Барып карасам бир укмуш, китептегидей. Таңгалдым. Мен дагы отуруп жаза баштадым. Мага “2” деген цифраны жазыш аябай кыйынга турду. Экинин куйругу эч баш бербейт десең, кайрыйын десем да кайрылбайт. Үч клеткадан кийин барып жоон-жолпусунан түшүп барып араң кайрылды. 

Кырк жылдыкта ошону эстеп, Иранын өзүнө айтып бердим.

-- Атам мени “секретаршам” деп эркелетип койчу. Мен биринчи класска барган убакта башталгыч класстарга сабак берип калды. Мага үчүнчү класстардын дептерлерин текшертип коёр эле. Мен кызыл ручка менен кызылала кылып текшерем. Атам ошол кызылына карап баа коюп койчу, - деди классташым. «Мектепке киргенде эле аалым болуп кирген турбайсыңбы» деп күлүп калдык. 

Мен билгенден Апыш агай райкомдун катчысы да болду, башка айылдын мектептеринде директор да болуп иштеп жүрдү. Үч-Эмчек айылында көп иштеп калды (Үч-Эмчек айылы менен азыр кошулуп, бир айыл аймагы болуп калганбыз - Д.Б.).

Иранын жолдошу үчэмчектик Асан деген жигит экен, жаңы тааныштык. Бирок, эзелки тааныштай сүйлөштүк. Тарсылдаган, ичинде кири жок, март, шар жигит экен. Сөздүн жүйөсүн келтирип сүйлөгөн чечендиги да бар, мага жакты.

Биз Асаке экөөбүз бак аралап бастык. Кээде тамашалашып, өзбекче да сүйлөп коюп атты. Чоң окуу жайды ошо Ташкенттен бүткөн экен. “Атам ыр жазаар эле. “Мен ыр жазып баштаганда Сүйүнбай Эралиевдер ойлоно да элек болчу” деп тамашалап койчу. Сүйүнбай агабыз бизге кошуна эле, бир жамааттанбыз. Атамдын жазган ырлары аябай көп. Ошо атаман өткөнбү, биз дагы адабиятка, тилге кызыгып калганбыз, тамадалык да кыла коёбуз анча-мынча жерде. Атам «балам, Калдынын (Иранын апасы) кыздарынын бирөөсүн мага келин кылып берсең, өмүр бою ырахматымды айтып өтөм. Бул өрөөндө Калдыдай аял жок го, илимдүү, билимдүү, тазалыгы жагынан алдына киши салбайт бу Калды деген” дей берет эле. 

Кудайдын буйругу менен Ирага үйлөнүп калдым, тагдырыма ыраазымын. Ира алты кыздын эң кенжеси (Иралар 11 бир тууган). Атам келинине ырахмат айтып жүрүп өтүп кетти. Ырахматты эми мен өзүм айтып жатам, - деди Асан аяшым. 

-- Асаке, сен анда азыркынын Жеңижогу экенсиң, Көксулууну сүйгөндөй эле сүйүпсүң да классташымды. Ираны да ошо боюнча эле сактаптырсың, азаматсың! - дедим. Күлүп калдык. 

Ира менен Асан бир уул, бир кыз, төрт неберенин ата-энеси. Учурда уулу ата кесибин улантып, эл алкышына ээ болуп жүрөт, бар болгула! 


Жүрөктөргө от жаккан апанын кызы, от ырларды жазган кыз

Бакбү классташыбыздын толкун кара чачтары шыңга боюна жарашып, каранын сулуусу эле. Ошол эле боюнча супсулуу экен. Жолдошу Сансызбай экөө төрт бала, үч неберенин бактылуу чоң апа, чоң атасы.

Бакбүнүн апасы биздин мектепте иштейт эле, сырттан үшүп келип, ошол апабыздын жаккан контрамаркасына жылынып калат элек. Мээримдүү сонун апа эле ыраматылык. Бакбү да апасын тартып акылдуу, зирек жан болуптур. Кырк жылдыкты уюштуруп, жүгүрүп да жүрдү. Мектепте өзү кара сөз жазаар эле. Элмира Турсуналиева классташыбыз болсо мыкты ырларды жазчу. Ырдаганда үнү да бир мукам чыгар эле. 

“Мен бир шумкар сабалаган, сабалаган сага...” деп ырдап баштаганда эле көзүмдү тарталбай карап отуруп калам. Анткени, каректен жашын агызып, туулган жерине учуп келаткан шумкар көз алдыга келет....

“Эшигинен коногу үзүлбөгөн меймандос” дешти Элмирага кошуна жашаган классташтарым. Ал сапаты сөзүнөн, өзүнөн көрүнүп турат.

Динар досум тамашалайт: “Эх, Элмира менен Рысбектин сүйүүсү китепке гана жазыла турган сүйүү да” деп. Элмира менен кенен-кесири сүйлөшө да алган жокмун. «Түгөлбай Казаков агабыздын баягы “Шумкар” ырын ырдап берчи?» деп суранайын дегем, аны да унутуптурмун. Кырк жылда бир чогулуп жатсаң эс-акыл деген неме деле учуп калат экен. Ооба, Кудай буюрса, дагы-дагы жолукканда ырдашабыз, сырдашабыз ...


Айыл имамы, Азия булбулу

Исабек Нурманбетовдун үйү мектептен ылдый кеткен жакта. Клубга киного баратканда Исабектин үйүнүн жанынан өтчүбүз, дарбазасында атчан эки баатырдын сайышып жаткан сүрөтү чоң болуп тартылып турар эле. Бир токтоп карап өтчүмүн. Негизи, Нурманбетовдордун баары таланттуу. Эжеси Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсен Нурманбетова укмуштуудай үнү менен Азиянын булбулу атыккан эле. Бу дүйнө менен кош айтышып кеткенин укканда кейип калдык, жаны жаннатта болсун! 

Исабек экөөбүз класста чечилишип деле сүйлөшкөн эмес экенбиз. Ошондой оор басырык бала эле, өзү сүйлөбөй турса барып сүйлөй да албайсың да. Биздин атыбыздан класс ачылганда келди. Ошондо көрдүм кырк жылдан кийин. Арыкчырай, шыңга бойлуу сулуу жигит болуптур, орду-орду менен сүйлөгөн. Кийин классташтарга куран окутканга катышып, ресторан, токой-тоо дегендерге келген жок.

Айылдагы бир мечиттин имамы, адамды акыркы сапарга узатканда жаш болсо да барып, акыл-насаат кептерин айтат, жакшы иштерди көп жасайт деп уктум. Кудайды таануу жолунда жүргөн адам – туура жолду тандаган адам. Жандүйнөсүнө жакын жолду тандап алган классташыбызга ыраазы болдук. Жакында келин алды деп уктум, балдар бактылуу болсун, Исабек! 


Мен сыймыктанган Сүймөнкул абам 

Азыркы мен жазып жаткандын көпчүлүгү жаңы тууган уруусунан болуп кетиптир билинбей эле. Белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов менен бешинчи атадан биригет экенбиз (уруубуз Жетиген – Д.Б.). Түпкү атабыз Кыбал. Кыбалдан Нияз, Кудайназар. Кудайназардан биз, Сүймөнкул агалар Нияздан тарашкандар. Тээ өткөндө Чокморов жөнүндө “Азия Ньюстун” үч санына макала жазганбыз, эл билип-билбеген да жагдайларды жазганга аракет кылган элек. Айтайын дегеним, ал кишини жазган сайын ырахматымды кошо жазам. Анткени, бабабыз Кудайназар жаш кезинде кожого кол көтөрүп, ташбараңга алынарда туугандар Кытайга качырып жиберишкен экен. Ал жакта үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, Кудайназар о дүйнө аттанат. Ал кабар Таласта калган иниси Ниязга жетет (бабабыз ал жакта жүрүп Куттубай, Конокбай, Тезекбай аттуу үч уулдуу болгон экен). Нияз «көчүрүп кел» деп мыкты чыкма небереси Муратты жиберет. Тезекбай «мен үй-бүлөлүү болуп калдым» деп калып калат да, берки экөө келет. “Кытайдан жаңы келген туугандар” деп кеп кылышат айылдагылар. Ошентип, биздин кичи уруубуздун аты “Жаңы тууган” деп аталып калган экен 

Бабаларыбызды алып келишкен Нияз абабызга – Сүймөнкул аганын аталарына ырахмат (Чокморовдор Таласта турушкан, кийин көчүшкөн Чүйгө. Көзү тирүүсүндө айылдыктар атайын өргөө көтөрүп, жылкы союшуп, сыйлашканы бар - Д.Б.). Канча жылдар агылып, канча адамдардын көзү өтүп кетсе да ыраазылыкты айта жүргөн жакшы экен го. Кийинки муунга үлгү. Ата-бабалардан келе жаткан нарк-насил, кеп, нускаларды жеткирмек бизден.

Сүймөнкул Чокморов “Манасты, Айтматовду жараткан кыргыз элинин уулумун” деп сыймыктанчу экен, мен бул эки үлкөн ысымга эрктин, чынчылдыктын, адамгерчиликтин, сулуулуктун илебин үйлөп, отун жандырып турган Сүймөнкул агамды коштум. 

Манасты, Айтматовду, Чокморовду жараткан кыргыздын кызы экениме бактылуумун....



Динара Бейшеналиева, Талас району, Арал айылы   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер