Чачынын узундугу менен суктандырган Жазгүл өмүрлүк жарын таба элек
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кеӊ-Суу айылынын 31 жаштагы тургуну Жазгүл Айбаш кызынын чачы бир көргөн адамды суктандырбай койбойт. Ал мектепте окуп жүргөн кезден баштап эле чачын өстүрүүгө өзгөчө кам көрүп келерин аймактык кабарчыга айтып берди.
«Мен 1990-жылы Кеӊ-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы мектепти 2009-жылы аяктагам. Мектеп жашымдан баштап эле чачыма аяр мамиле жасап келем. Бул жеке өзүмдүн каалоом болду. Анткени үйдө бир тууган эжем чачын кыска кылып жүрөт. Чачыма кам көрүп, ар кандай азыктандыруучу каражаттарды колдоном. Ортодо чачымдын учун гана кескеним болбосо, кайчы жолотуу оюма да келбейт. Чачымдын узундугу азыр тиземден ашат. Ар дайым өрүп жүргөнгө аракет кылам. Чач кургаткыч жана тармалдатып, түздөөчү үтүктү, боёкту колдонбойм» деди ал.
Анын айтымында, жумуш убагында чачына көз арткандар көп.