Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мадумаровдун камалышы – абалды курчутабы? Оюндагы жалгыздык жана Жапаров-Ташиевдин ат көтөргүс салымы...

Мадумаровдун камалышы – абалды курчутабы? Оюндагы жалгыздык жана Жапаров-Ташиевдин ат көтөргүс салымы...

11-сентябрь, 19:30
478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адахан Мадумаровдун камалышынан соң кезексиз президенттик шайлоо болсо, бийлик талапкерине жашыл жарык күйөбү?” деген собол узаттык.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Жок, эч кандай талапкерге жашыл жарык күйбөйт. Мадумаровдун камалышы, тескеринче, ага плюс болуп калышы мүмкүн. Бизде ар кандай сценарийлер болуп кеткен учурлар жок эмес.Мадумаровду камап, баардык маселени чечтик” деген жеңил ойлуулук. Оппозициялык лидерди жөн жерден камоо – абалды курчутууга гана алып келет. Учурдагы президентке абалдын курчушунун эмне кереги бар? Билбейм. Кээ бир учурда Садыр Нургожоевичтин жанында жүргөн орусчул эксперттери, тиги кожоюндары айтканын жасап коюп аткан жокпу (?) деген да ой келет...

Мукаш Ырсалиев, АИБАнын үч жылдыздуу рефери-калысы:

-- Саясаттан бир аз алыс, жөнөкөй гана кыргыздын жараны катары жеке оюмду айтып көрөйүн. Азыр президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин өнүгүшүнө ат көтөргүс салымдарын кошуп атышат. Алсак, президент элдин ырыскысы болгон Кумтөрдү элге кайрып бергенин биз кубатташыбыз керек. Ал эми УКМК төрагасы коррупция менен болушунча күрөшүп атат. Президенттик шайлоо өз убагында эле болот. Оппозициянын балекетин алышабы, андан көрө президенттин колуна кол, бутуна бут болуп жардам беришсе болмок. Азыр Россия менен алаканы үзбөш керек. Көлөкөсүндө жүрүп турган оң. Бечелге жөтөлдүн кереги жок. Ал эми Адахан Мадумаров өмүр бою саясатта жүргөн адам. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, баардык жагы таза адамды жөн эле алпарып камакка албайт. Соттун чечимин күтөбүз.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Кечээки күнү президенттин трибунада жалгыз, сакчылары жок, галстугу жок калганы, футбол ойноп эл алдына жыгылып калганы да өзгөчө көрүнүш. Командасы жок, таянар протоколу жок экенин көргөздү. Орусча айтканда, чөгүп бараткан кемеден кимдер качарын билебиз. Мадумаровдун камалышы – “бийликке келе жатабыз” деген топтун өкүлү катары кабыл алынды. Ал кишини “чыныгы оппозиция” деп кабыл алыш оор. Анын биографиясындагы учурлар, бийлик башында калтырган оор издери оппозиция катары ишенимди туудурбайт. Жана кечээ камакка алынышы да абдан көрсөтмө процесс болуп калды. Башка саясатчыларды кандай кармады эле? Бир жума мурун элге узун кулак кабар кетиришти. Өтө сыпайыкерчилик менен камакка алынды. Ошол эле кыздарды камаганда, бала-чакасына чейин кол тийип, оокат-тиричиликтери чачылып, мыйзамсыз тинтүүлөр жүргөнүн көргөнбүз. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер