» Коом » Манас изилдөөчү Курманбек Абакировдун эмгеги
Манас изилдөөчү Курманбек Абакировдун эмгеги
18-июнь, 19:30
346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Профессор Курманбек Абакировдун “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүүгө (илимий-популярдуу очеркине)” карата...
Бул ирет биз эпос таануу аркылуу этнология маселелери кенен каралган катардагыдан сырт эмгектин жаралышына күбө болдук. Этнология концепт түшүнүгүн көбү этнография менен чаташтыра беришет, айрымдар экөө бир түшүнүк, бир илим тармагы деп билишет, чынында мындай эмес. Концептин этимологиясына кайрылалы: этнология – байыркы грек сөзүнөн оошуп келип, эл, ал эми логос – окуйм, илим дегенди билдирери анык болсо, демек, этнология – ар кандай этникалык топтордун калыптанышы менен оожалып, өнүгүшүнүн процесстерин изилдеп, алардын маданий кыртышта түптөлүшүндөгү иденттүүлүгүн, жамааттык карым-катнашынын алкагындагы инсандын социалдык чөйрө менен болгон алака-катышын изилдейт. Эми биздин айтайын деген маселебизге кандай алака-катышы бар экендигин аныктап алуу милдети турса, кеп ыгы менен жүрсүн...
Кыргыз адабиятынын тарыхынын VIII томунда (2017-жыл) филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировдун илимий портретине карата жазылган көлөмдүү макалада минтип айтылыптыр: “... ырас, тигил же бул акындын ырлар жыйнагына, же жазуучунун аңгеме, повесть, романына, же драматургдун комедия, трагедия, пьесасына карата адабий рецензия жазып, анысын басма беттеринде жарыялай салуу филологиялык билими бар ар бир адистин колунан келе бере турган иш, бирок объектисиндеги ошол чыгарманын идеялык-тематикалык, көркөм-эстетикалык, композициялык жана проблематикалык табиятын улуттук адабияттын контекстинен карап, жогорку профессионалдуулук менен ар тараптан изилдөө жагы окумуштуу К.Абакировдун жазгандарына мүнөздүү нерсе деп айтууга негиз бар. Анын буга чейин жарыялаган эмгектеринин багыты ар түрдүү, көп кырдуу болгону менен алардын көпчүлүгү “Манас” эпосу боюнча адабий-теориялык изилдөөлөр экен, бул проблемага окумуштуу ондогон жылдарын сарптап, улуттук адабияттын тарыхында түбөлүк кала турган бир катар олуттуу мазмундагы эмгектерди жаратты”. Андан ары окумуштуунун ондогон эмгектери саналып, алардын илимий наркы менен баа-салмагына карата кенен пикир айтылган. Мына ошолордон кийинки ири изидөөлөрдүн бири – ушул жылы жарык көрүп, жаңы эле колубузга тийген “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү” деген аталыштагы илимий-популярдуу очерки (2024-жыл, 280 б.) болду. Кыстара кетчү зарыл бир жагдай: бүтүндөй манастаануу илиминде, не айтуучулук өнөрдү изилдеген эмгектерде, не эпостун варианттарын типологиялык аспектиден караган эмгектерде эпостун этникалык картинасына карата жарытылуу изилдөөнүн жоктугу бул китептин актуалдуу, зарыл экендигин каңкуулап турат. Автор учурдагы проблеманы көрө билген, көрүп эле тим болбой, ал проблеманы жазыла турган эмгегинин алдына коё билген, анысын адабий-теориялык, фольклористикалык, этнографиялык, социологиялык аспектилерден карап, ийгиликтүү, ишенимдүү чече алган адистердин бири. К.Абакировдун бул тармакта карманган принцибине ылайыктыгы ушул – ал көпчүлүк айта элек, бирок айтуунун зарылдыгы бышып жетилген, бирөөлөр жаза да элек, бирок жазуунун зарылдыгы эчак бышып жетилген маселенин күрөө тамырын кармап алгандыгында. Муну мен бир Шаршенбек Үмөталиевден, бир Кеңешбек Асаналиев сыяктуу адабиятчылардан гана көрчүмүн. Булар каралчу маселесин түпкүрүнөн түшүнүп, айрым учурларда табияты боюнча бири-экинчисине окшобогон, а балким карама-каршы келген симбиоз процесстерди бирин экинчиси менен тыгыз байланыштырып, жалпы сомосунан алганда да бир бүтүндүктөгү чулу организм катары адабият таануунун жана адабий сындын теориясы менен практикасына реализациялаган учурлары изилдөөлөрүнөн кашкая көрүнүп турчу. Адабий процесске назар салып жүргөн адам билет, эми Курманбек Абакиров ошолордун катарына кошулган сыңары...
Эмгекте “Манас” эпосунда эпикалык салтка жараша (ылайык) баяндалган элдердин, уруулардын карым-катнаштары (мына, этнология) жана анын алкагында кыргыз-казак элдеринин эркиндик үчүн эриш-аркак күрөшү тарых же фольклористика гана эмес, этнологиянын ракурсунан кеңири каралып, казак баатыры Эр Көкчөнүн образы тууралуу өзгөчө кеңири сөз жүрөт. Изилдөө эпостун Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Молдобасан Мусулманкулов, Шапак Рысмендеев, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов жана Шаабай Азизов сыяктуу залкар манасчылардын классикалык варианттарынын негизинде жүргүзүлүп, баардык байкоолор жана тыянактар ошол тексттердин негизинде гана чыгарылгандыгы китептин аннотациясында айтылыптыр.
Бүткүл элдик оозеки чыгармачылыкка, анын арасында “Манас” эпосуна кызыккан адистер менен окурмандардын кеңири катмарына арналып жазылган көлөмдүү бул эмгектин “алгы сөзүндө” автор маселеге минтип кишини кызыктыраарлык жем таштайт: “Көчмөн элдердин, алардын ичинде кыргыздардын узак мезгилдер бою уч-кыйрына көз жетпес мейкиндиктердеги триумф менен трагедиянын тутумунан турган жашоо-тиричилигинин алиге дейре “ачылбаган сандыктай” сырлары, табышмактары арбын, атүгүл өтө эле көп десек болот. Алардын кайсы бир тарабын бир четинен аныктай турган булактар азбы-көппү, так билген деле адам жок, болгондорунун анча-мынчасына тишибиз өткөнү өтүп, өтпөгөндөрү, колубуз жете электери, дарек-дайыны белгисиздери кезегин күтүп жаткандай. Эми мунусуна да шүгүр айтып, ошол мунарыктаган тарыхыбыздын чет-бучкагынбы, же көп жагынбы, өзгөчө көркөм жана образдуу ачып берүүгө жарамдуу не бир керемет касиет-наркы бар оозеки чыгармаларыбызды жана алардын туу чокусу болгон “Манас” эпосубузду башыбызга көтөрүп, аларда көркөм нарк сыпатында “катылган” элибиздин байыркы жана соңку тарыхына, салт-санаасына, ааламтаанымына, дүйнө алакасына баам салганыбыз салган. Эмесе, “жолду баскан арбытары” чын болсо, кеп тизгинин ошол жакка буруп, анын бир ныптасына чогуу-чаран назар сала кетели...” [3-4-беттер] дейт китептин автору.
Алгы сөзүндө автор өзү айткандай эле “Байыркынын издери“ деген биринчи бөлүмдө ал ошол мунарык тарткан узак мезгилдер бою жашап, салт-санаасы, дүйнөтаанымы менен көчмөн цивилизациясын түзүп алган, жанаша отурукташкан элдер менен, этностор менен алака-катышта болуп келген бир катар түрк урууларынын окшош да, бири экинчисинен кескин айырмаланган элдердин жашоо тиричилиги, карманган принциптери, философиясы, оозеки мурастары тууралуу кенен сөз кылган. Ырас, ал узак мезгилдер тууралуу үзүл-кесил маалыматтар болгону менен андагы окуялардын башын бириктирген, системалуу баяндаган көркөм чыгарма (оозеки форматта болсо да) “Манас” эпосунан башка колго алалык жарытылуу эмгек жокко эсе. Аны эпос деле “көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн” же “жарымы жалган, жарымы чын, жаамы журттун көөнү үчүн” деп канчалык турмуш реалдуулугуна туура келерине алдыртан күмөн санап айтат эмеспи. К.Абакировдун сөзү менен айтканда, “эпосто баяндалган окуялар, элдер жана адамдар турмушу көз да, сөз да, ой да жеткис эзелки-эзелки убактарда болгонун кыйытып... бирок аны элестетүү оңой эмес, кармалап көрүү да мүмкүн эмес. Ошол эле учурда көз көрүп, кулак укпаган эзелки доорлор эпосто бүгүнкүгө, чыгарма баяндалып жаткан окуялардын мезгилине жана мейкиндигине алып келинет да, адеп баамга уруна бербеген бул жагдай угуучу-окурмандар тарабынан кадыресе, табигый көрүнүш иретинде кабылданат. Ошентип, тарых реалдуулугу жана көркөм-эпикалык логика боюнча деле окуялар менен каармандарды, алардын мезгили менен ордун жанаша коюп, бирдикте кароого мүмкүн болбогон учурларды эпос бириктирип, жанаштырып, бир жерге жана мезгилге жайгаштырып коёт, эпостун артыкчылыгы мына ушунда турат. Эпосту ага катышкан этностор менен каармандар чын эле ошол мезгилде, ошол жерде, ошондой абалда жашаганбы (?) деген маселенин тек-жайы анчейин кызыктыра бербейт. Эпостун позициясы боюнча алар болгон жана бар, башкача болушу мүмкүн эмес» деп келип, автор азыркы тарых менен санжыралардагы “тарыхый мезгилдин” жана фольклористикадагы “көркөм-эпикалык мезгилдин” бирин экинчиси четке какпай жанаша жашап келе жаткандыгынын ички сырларынын башын ачат.
Китептин ушул эле бөлүмүндө автор ошол көркөм-эпикалык мезгил менен мейкиндикте жанаша жашап, жашоо-тиричилиги окшош болгон бир катар элдердин, этностордун, уруулардын жана уруктардын аттарын санап, ушул аркылуу “Манас” эпосунун этникалык картинасын даана түзгөнгө аракеттерин жасаган, мунусу, айта кетишибиз абзел, ийигиликтүү чыккан. Ал этникалык топтордун ичинен автор кыргыздар менен казактарга негизги акцентин коюп, жазма-сызмасы жок булардын башын ошол эле эпостор бириктирип турганын далилдүү айтат. Автордун эмгегинин сөз болуп жаткан бөлүмүнүн соңунда келген жыйынтыктары өзгөчө жагымдуу. “Манас” эпосундагы этностор жана этникалык процесстер маселеси, ‒ дейт ал, классикалык варианттардын негизинде дагы да тереңдетилип, кеңейтип иликтөөгө муктаж экендиги, мында ачыктала элек маселелердин чоң тобу жаткандыны айгине” [33-бет]. Мунусу менен ал адабияттаануу, фольклор таануу, тарых, этнография, этнология, антропология жана социология илимдеринин алдына актуалдуу, ары проблемалуу маселенин чечилишин күн тартибине коёт.
Эмгектин экинчи бөлүмү “Эпостогу түрк элдери жана алаш урпактары” деп аталып, түрк тилдүү этностордун эзелтен бирге жашаганы, алардын салттык жөрөлгөлөрү да ички жана сырт душмандарга каршы күрөшү да бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымагы тууралуу да эпосто улам кайталанып отурганын булардын теги бир элдерден болгонун китептин автору бул элдерден чыккан баатырлардын мисалында ачып берет. Эпостогу борбордук образ Манас болгонун, бүткүл окуялар системасы анын тегерегине топтоштурулганын, ушундан улам “алтын наал, жез өкчөсү, Айдаркандын эр Көкчөсү” тууралуу кызыктуу факт, кызыктуу баян өзүнөн өзү жаралат. Көкчөнүн жанда жок баатырдыгы, кабыланга, арстан, шерлерге улам салыштырылып отурган ошол Манас баатырдан да кем эмес, айрым учурларда аны Манас менен Алмамбеттен, Чубак менен Сыргактан ашыра сүрөттөлгөн эпизоддорду эстеңиз. Ушундан улам, китептин үчүнчү – “Эр Көкчөнүн ата-теги жана эрдиктери” деген аталыштагы бөлүм жазылган. Менимче, сөз жүрүп жаткан эмгектин негизги жүгү да мына ушул бөлүмгө түшкөн окшойт...
“Көпкөк темир кийинген, жоо дегенде жүгүргөн” Көкчө баатырдын (ал Манастан бир аз улуу болгону, Нескара менен болгон кармашта Манас он үчтө болсо, Көкчө баатыр он алтыда болгонун эстесек) Алаштан таркаган ата-баба тарыхын айтып келип, изилдөөчү К.Абакиров Көкчө баатырдын баатырдыгына басым жасайт. “Душмандар менен жан аябай кармашуу Көкчө үчүн табигый эле нерсе. Эл-жер үчүн согушуу анын табигый стихиясы, баатырдык сапаты байкалчу жер. Манас, Жамгырчы, Бакай, Үрбү болуп адегенде он миң, кийин жыйырма миң калмак аскерлеринин курчоосунда калганда Көкчө коркуп-үркпөй, кейип-кепчибей шымалана согушка киришет. Дүбүркан жана Кайыпдаң менен болгон масштабдуу согушта ал жүз миң аскерге колбашчылык кылат, “Айдаркандын кызыл туу, асмандатып аштаптыр, Көкчө колун баштаптыр, муну көргөн калмактар, кара көзүн жаштаптыр” деген саптар эпосто ушундан улам айтылат... Эр Көкчөнүн өмүрүнүн көбү жоокердик доор менен жоокерлердин өзүлөрү үчүн таңкалычтуу деле эч нерсеси жоктой көрүнгөн мына ушундай катаал шартта өтөт. Белгилүү колбашчы катары ал ири согуштарга катышып, жеңишти камсыздоого зор салым кошкондугунан тышкары Көкчө жекеме-жеке кармаштарга (эрөөлдөргө) көп чыгат. Эр Көкчөнүн эрдигин изилдөөчү эпостун классикалык варианттарында ар кандай абалда сүрөттөлгөндүгүн автор конкреттүү мисалдар менен берген. Мен ойлойм, Эр Көкчөнүн баатырдык көркөм образын иликтейм деген болочок окумуштуу мына ушул китепти карап чыгышы зарыл, мында автор эпостун варианттарынын ичинен Саякбай менен Сагымбайдын, Молдобасан менен Мамбеттин, Багыш менен Тоголок Молдонун варианттарындагы Эр Көкчөнүн образынын көркөм сүрөттөлүшүнүн типологиясын алаканга салгандай эле дааналап берген... Анын айтымында “Манас” эпосунун баардык варианттарында казак эли жана эр Көкчө темасы бар, булар айтылбаган вариант жок” [133-бет.].
Эпостун этникалык картинасына киришүү болгону менен жогоруда айтылгандай, бул эмгектин негизги бөлүмдөрү казактар жана Айдаркандын Эр Көкчөсү тууралуу. Китептин кийинки бөлүмү “Эр Көкчө жана чоролор” деп аталып, автор буга чейин Көкчөнүн жоокер катары жанда жок баатырдыгына, эрдигине басым жасаган болсо, бул бөлүмдө анын хан катары, казак элинин башкаруучусу катары мүнөзүн ачканга аракеттерин жумшайт. “Социалдык статусу боюнча Көкчө ириде казактардын ханы жана колбашчысы экендигин эске алуу кажет. Ал – баатыр, мырза, арстан, эр Көкчө гана эмес, Хан Көкчө. Эпосто Манасты ар дайым коштоп жүргөн чоролордун ичинен Чубак менен Сыргак, хандардан Жамгырчы менен Көкчө өзгөчө бөлүп көрсөтүлүп, балким чыгарманын көөнө варианттарында хандар өз урууларынын колбашчылары катары алда канча кеңири өз алдынчалыкка эгедер болушса керек деген ой жатат”. Мунусун К.Абакиров казак окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун пикири менен бекемдейт.
“Манас” эпосун изилдеген башка улуттардын өкүлдөрү катары В.Радлов менен Ч.Валихановдон бери бир жарым кылымдан ашуун убакыт өтүп, бүгүнкү күнгө карата эпос тууралуу ондогон, балким, миңдеген ири, орто, чакан изилдөөлөр жүргүзүлдү, илимдин кандидаттары менен докторлорунун плеядасы пайда болду, китеп текчелерибизде жүздөгөн китептер: монографиялар, окуу куралдары, энциклопедия менен сөздүктөр тизилди, бирок түрк тилдүү элдердин башын бириктирүү маселесинде, Борбордук Азия элдеринин алака-катышын бекемдөө ишинде күнү бүгүн да актуалдуу болуп турган маселеге келгенде эпостун башкы каармандарынын бири – казак элинин өкүлү Эр Көкчө тууралуу, анын эпикалык каарман катары көркөм образын ачкан бир дагы не эмгек, не чакан макала жазылбаганы ушул китептин авторун, ал аркылуу бизди да тынчсыздандырат. Муну китептин автору эмгегинин жыйынтыктоочу корутунду бөлүмүндө да айтыптыр...
Колубуздагы эмгектин дагы бир баалуу жагы – эмгектин соңунда этностор жана казак элинин даңазалуу баатыры Эр Көкчөнүн образы деген өзөктүү маселеге уланды катары эпостун негизги варианттарында кездешкен этнонимдердин тизмеленгендигинде, буга удаа автордун эпосто айтылган жер-суу аталыштарынын (топонимдердин) тизмесин кошо сунуш кылганы өзгөчө баалуу болуптур. Китептин авторунун пикиринде, эпосто катышкан каармандардын баатырдык мүнөздөрү белгилүү бир мезгилдик жана мейкиндиктин чектеринде гана баралына келет. Этностор, каармандар жана окуялар катышкан ошол мейкиндиктин өзү аларды бирин экинчисинен ажырагыс кылып бириктирип турат. Мунун өзү фольклористика гана эмес, ар кандай башка тармактар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө жол ачат.
Эми “этнологияга” кайра келели – мунун экинчи бир маани-маңызы адамды маданий жандык (культурное существо) катары изилдегенинде. Адамдын маданий турпаты модель катары түзүлүп, ар кандай мезгилдерде, ар кандай жерлерде (мезгил жана мейкиндик категориясы) ар кандай абалда сакталат, же өзгөрөт, бул процесс социалдык контекстке баш ийдирилет. Элдердин маданий жүрүм-туруму, өзүн-өзү сактап калуу рефлекстери эми тарыхый реконструкциялардын чен-өлчөмдөрү менен да учурдун илимий жетишкендиктери аркылуу да жумуру, комплексте изилденет. Мунун баары жогоруда айтылды шекилди.
Ошентип, профессор Курманбек Абакировдун колубуздагы “Алтын наал, жез өкчө, Айдаркандын эр Көкчө” же “Манас” эпосунун этникалык картинасына киришүү” деген аталыштагы илимий-популярдуу очерки эмнеси менен баалуу? Мунун практикалык-прагматикалык, прикладдык сунар олжосу эмнеде? Бул китепти мектеп мугалимдери сегизинчи класста “Манас” үчилтигин, он биринчи класста “Манастаануу” курсун өздөштүрүүдө; жогорку окуу жайларынын студенттери менен магистранттары филология факультеттеринде күнүмдүк сабактарына даярданууда; фольклористика боюнча аспиранттар менен докторанттар, окумуштуу илимпоздор эпос таануу, айтуучулук өнөр сыяктуу тармактар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө кеңири пайдалана алышат. Булар гана эмес... Бул эмгек фольклортаануу, эпос таануу, тарых, этнография, этнология, социология, философия, культурология, аксиология жана антропология илим тармактарына суудай керек илимий маалыматтарга, фактыларга жыш толгондугу менен баалуу. Тили жатык, оор стилдеги татаал илимий ишти онтолоп окугандай болбой, көркөм чыгарма окугандай эле шыр окуса болчудай, кызыктуу жазылып, окуган адамды тажатып жибербейт. Эмгек “очерк” деп аталганы менен аныгында, “Манас” эпосу боюнча жазылган нукура академиялык изилдөө даражасында турат. Аныгын айтканда, эпос боюнча жазылган мындай илимий-теориялык деңгээли бийик эмгектер сээлдеп кетти. К.Абакировдун изилдөөсүн мына ушул боштукту толтурууга кошулган олутту салым катары кароого болот. Ал казак илимпоздору үчүн да зор кызыкчылык жаратаарына күмөнүм жок.
Турдугулов А.Т.,филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы улуттукуниверситеттин профессору