Генерал Тариель Абитовдун моралдык жагын кантебиз? Коррупциялык иш “сойду” да...


ИИМдин күзөт кызматынын башкармалыктарынын биринин начальниги коррупцияга айыпталып кармалды. Бул боюнча УКМК билдирди. Аныгында А.Т.А. 2024-жылдан бери Балыкчы шаарынын бөлүм башчысы Д.Т.И. жана башка кызматкерлеринен акча чогултуп жүргөнү ачыкталган. Алар мыйзамсыз ишти системалуу түрдө жүргүзүп турушканы маалымдалды.
“Болор иш болуп, боёсу каныптыр” дейт эмеспи. Натыйжада, олуттуу суроолор жана шек саноолор жаралууда. Күзөт кызматынын башчысы Тариель Абитов кол астындагы жетекчилерин көзөмөлдөбөй эмне кылып жүргөн? “Балык башынан сасыйт” демекчи, өзүнүн колу тазабы? Дал ушул чуулгандуу иштен кийин Тариель Абитовдун моралдык жагын кантебиз? Кызматын өткөрүп бериши керекпи? Ооба, коомчулукта да ушундай соболдор жаралууда.
Кандай гана система болбосун, анын ичиндеги терс көрүнүштөргө жетекчиси да жоопкер. Натыйжада, генерал-майор Тариель Абитовго карата кандай чечим кабыл алынат? Ошондо коррупциялык элемент кендирин кесеби? Эл астында жооп бериш керек го...











