Бейшебай Усубалиев: 4975


(Аңгеме)
(Досум Кубан Мамбеталиевге)
Оо, анда бул акчага дүйнөнү сатып алмаксың. Азырчы?!. Жооп берүүдөн качкандай, умсуна көктү карап калды. Көпкөк. Чаңкаят. “Качан жаайт?.. Деги кургакчылык болбосо экен. Ансыз деле...” шыбырады да, кайрадан эки эжесин эстеди. Алар ошол бойдон басмага кайрылып келишкен жок, бир-эки жолу эле басмакананын кайсы бир салтанатына атайын чакырык менен келип кетишти көрүнөт. “Неберелерибиз менен жүрөбүз, - дешкен жайдары, -- Эрмек кылып...”. Баары жетишип турса, соксоңдоп эмнеге келишмек эле, бирдеме үмтөтүшкөнсүп. Азырчы? Пенсия курагы жакындаган сайын санаага чөгө баштайсың, “эми эмне кылам, ылайыктуу иш табылар бекен?..”. Кызык, өзүң төрт дүйнөңдүн баарын төгүп бүтүп, эс алуу үчүн пенсияга чыгып кетип баратасың, бирок турмуш жолун жаңыдан баштаганы жаткандайсың? Каңырыгы түтөй, башын чайкап алды. Өзүнүн жаңы иштей баштаган учурун эстеди.
Лаборанттыктан баштаган эле ишин. Айлыгы 90 рубль. Бир агайы 320, экинчиси 520 рублдан алышчу. Айлык алган сайын таңдана берчү “мынча акчаны эмне кылышат, кайда батырышат?..”. Ууртунан жылмайып койду, таңданганына ичи жылып кетти окшойт. “Акча эмне? - деген бир агайы 320 рублун капчыгына салып жатып. -- Суу да. Канча аласың, баары бир суу, агат да кетет...”. Туура экен дегендей башын ой жүзүндө ийкегиледи. Анан кайда келдим дегенсип, башын көтөрүп, эки жагын карады. Китайкананын аягына жетип калыптыр, бир аздан соң оңго бурулуп, чоң жолго чыгат. Андан өтсө эле болду – пенсия!
Ушу жерден бир кызык ойго дайыма кабыла берерин эстеди. Почтага барган сайын ведомосттогу сандарды тигиле карайт, ага үстөк кошулуп, пенсиясы көбөйүп калгандай боло берет. Өзү жакшы эле билет, пенсиясы баягы бойдон эле “былк” этпей турарын. Бирок сандарды тигиле караганы караган. Кызык. Эмне үчүн? Бир жолу чогуу иштеген бир аксакал (анда Баян пенсияга чыга элек эле) Баянды элден бөлүп алып, “Билесиңби, - деген кудуңдай шыбырап. -- Пенсияга 200 сом кошулмак болуптур, бул деле жакшы да ыя, жоктон көрө жогору болсо да, баары бир капитал да ыя!.. -- Кичине тынып алып, күнөөлүүдөй жылмая, -- бүт эс-дартың эле ушул болуп, жүрөгүң да минтип согуп калат экен: Канча? Канча? Кошулат...”. Таңданган. Эмне мынчалык сүйүнүп жатат жарыктык. 200 сом да акчабы?.. Жаш баладай кудуңдап сүйүнгөн аксакалдын элеси көз алдына тартылып, мууну бошой түштү. “Эми биздики ушинтип жашамай да” - деген аксакал Баяндын кабагына назар бурбай, -- Дагы канча кошор экен... - деп негедир кысынгандай. -- Канча кошсо да, баары бир капитал да...”.
Анда анча элес алган эмес, эми ойлосо, аксакал “капитал” деген сөздү өзгөчө бир дем-күч, үмүт менен айткан экен да. Азыр жаш-карынын баарысынын эле жүрөгүн ушул капитал эле уялап алгансыйт, атүгүл бара-бара жүрөктүн өзүнө айланып кетчүдөй. Көзү тунара түшкөнсүдү, башын чайкагылап ийди. Өзүнө келе калгандай болду. “200 сомун алганга үлгүрүп кетти окшойт, - деди анан санаасы тынгандай. -- Өтүп кетпедиби көп өтпөй эле... Каңырыгы түтөй түштү да, анан өзүн жооткото кетти, “сексен жаш оңойбу?.. Карылык да... Карылык...”.
Өзүнүн бул топко кошулуп калганын (кайдан, азыр деле кошулгусу келбейт!) ал капысынан билди. Тоо урап түшкөндөй болгон. Ооруканага жатуу үчүн анализ тапшырган эле, чоо-жайын билип койгону барган. “Ата, сиздики даяр, мынакей!” деген ак халатчан кыз жадырай. “Кимди “ата” деп айтып жатат?” деп, Баян эки жагын элеңдей караган. “Ата, мына алыңыз, жоготуп албаңыз”. Жадыраган кыз алакандай кагазды колуна карматкан. Көз жүгүртсө, бадырайып жазылып турат: Асылбеков Баян, 65.
-- Бул эмне? - деген 65ти сөөмөйү менен нукуп.
-- Бул сиздин жаш курагыңыз да! - деген кыз ого бетер жадырай.
Анан капысынан эле “ой!” деп алып, артка кетенчиктей түшкөн. Баян да “селт” эте, суроолуу тигилген.
-- Сиздин өңүңүз бир кызыктай болуп кетти... - деген кыз оңтойсуздана.
-- Аа... - деген да, эңги-деңги абалда эшикке жөнөгөн.
Бул эмне деген шумдук! 65ке келип калдыбы! Качан, кантип?!. Заманасы куурулган. “Жаныңда жүрүп эле билдирбей кертип жей берет тура!.. 65!..”. Ким жеди? Өзүбү?!. Дендароо боло түшкөн. Дал ушундай абалда 243-маршруткага кирип барбады беле. “Келиңиз, ата, отуруп алыңыз” деген кыздын назик үнү. Отурган. Үндөбөй, ойго баткан.
Ага азыр неберелери гана “ата” деп кайрылышчу, башка чоң кыздар (негизинен студенттер) көбүнчө “агай”, “Баян Асылбекович” деп кайрылышар эле. Анан капысынан эле бойго жеткен кыздар “ата” деп кайрылып жатышса... Анан ким деп кайрылышы керек эле, же анын аты-жөнүн билбесе, же агай экенин билбесе?.. Ошентсе да кызык...
Өтө өөн учураган, жүрөгү кичине “зыр-р” эте түшкөндөй болгон. Өзү деле көп эле кайрылып жүрбөдү беле ушинтип, ата! Бирок өзүнө да жылдардын бир жылдарында кимдир бирөөлөр ушинтип кайрылашары үч уктаса түшүнө кирбептир да! “Ата” сөзү сыпайгерчиликти, ыйыктыкты туюндуруп турса да, бир мезгилде кандайдыр бир чен-өлчөмгө айланып, сезимин алай-дүлөй кылары кимдин оюна келет дейсиң. Өзүнөн жыйырма беш жаш улуу агайынан “Кандайсың, агай? Кадырман карылык кандай болот экен?” деп оюн-чындап сураганы капысынан эсине кылт этти. “Кандайын сурайсың, балам? - деген ойлуу күлүмсүрөп. -- Карылык дегениң бир дарт экен да айыкпаган. Бүт мүчөлөрүң өзүңө каршы чабуул коё баштайт экен, - өзүнө өзү көңүл айтып жаткансып, -- эми бизге эмне, жашка деле тойдук көрүнөт, көп болсо эчкиникиндей жашыбыз калгандыр... Мына силер аман болгула!..”. Ушул сөздөрдү эми жаңыдан угуп жаткандай, маанисине эми араң түшүнүп жаткандай, ойлонгонсуп туруп калды. Адамда ар деле жок экен да, кайсы бир мезгилде бейтааныш эле бирөөлөр “ата” деп кайрыларын, анан акыры бир күн кетериңди билип туруп, кайсы арыңа арсалаңдап жыргап жүрөсүң дейм да! “Эмне деп эле тантырап жатам? - деди өзүнө нааразы боло. -- Эмне, акыры өлөт экенмин деп эле... Эмне!..”. Туттугуп калды. Оюн улабады, кандай улаарды билбей туюкка кептелип калды. Аңгыча чоң жолго келип калганын көрдү. Маңдайындагы остановканын арт жагы эле почта. Эки жагын карап, чоң жолдон аярлап өттү. Остановка. Кайсы бир автобустун акыркы остановкасы. “Акыркы” деген сөз негедир бир башкача туюлду. “Пенсия дегениң – өмүрүңдүн акыркы остановкасы...” ушул шыбыр өзүнө ээлик бербей, оозунан “шуу” этип чыгып кетти. Өз шыбырынан өзү чочугандай, жүрөгү “болк” этип, кадамын ылдамдатты. Ашып кетсе жыйырма кадамдыр, анан почтага кирип барат. Мурда бул почтону көрбөптүр. Шаардагы эски, белгилүү эле почтолордун бири экен. Көрнөгү эле айтып турбайбы. Дубалга кадалган, көк менен сырдалган жалпак темирдин да, ага чегилген жазууларынын да өңү өчүп баратыптыр, араң окуйсуң, алыстан көрүнө бербейт. Тепкичин айт, өтө кылдат жасалган, атайы пенсионерлерге арналгандай быйтыйып майда-майда. Чоңуна арышың жетпей калат дегени да. Четиндеги кармагычы да жука темирден (жезден болсо керек). Сыягы, мурда үстүнө жаткырылган жука жыгачы да болсо керек, эскирип, какжырап түшүп калган да. Көзөктөрү турбайбы. Мунун баары СССРден калган эстеликтей көрүнүп, Баянды кусалык сезимге кайрадан кабылтат. Ушуларды ойлоп келатып, башын өйдө көтөрүп караган да жок, адаттагыдай кармагычты кармап, көтөрүлө баштады, кызык, колуна жумуру, муздак бир нерсе толо түштү. “Селт” эте колун тартып алып, кармагычка назар тикти. Аппак, жумуру, жалтырак бир нерсе. Тим эле жалтырайт, көз уялат. “Оңдошкон экен да... - шыбырады. -- Ырас кылышыптыр, качанкыга чейин эле...”. Күбүрөнүп барып, эшиктин туткасын кармап, өзүнө тартты. Ачылбайт. Таңдана башын көтөрдү. Таптакыр башка. Көрнөгүн айтам. Англисче жазылыптыр. Бир айдын ичинде эле ушинтип алмашып кеткенби? Элейе эки жагын карана кетти. Капысынан көзүнө аркы тепкич, анын жука кармагычы чалдыга түштү. Жаңылган экен да. Башын чайкап жылмайымыш болуп койду. Жалтырак, муздак кармагычты аяр кармап, акырын түшүп келатты. Ою чайду-куйду боло түштү. Эмне жөнүндө ойлоп жатканын өзү да аңдабай калгансыды. Эмне эле болуп жатам деп ойлогуча болбой, өз эшигине келип калыптыр. Тааныш тепкич, тааныш кармагыч. СССРден калган эстелик. Акырын көтөрүлө баштады. Эски, кармагычы жапызыраак келип, эңкейе кармаса, негедир ичи жылый түшкөнсүдү. Туткасын кармаганда, оюна бир нерсе түшкөндөй, башын шак өйдө көтөрдү. Тигиле карап туруп калды. Көпкөк. Тамгалары бажыраят. Байланыш бөлүмү №49. Башын солго бурду. Үкөкчө. Бажыраят: №49. №49 деген үкөкчө көзүнө өзгөчө көрүнүп кетти. “Муну менен далай кат жөнөттүк го, - деди шыбырай. -- Азырчы?.. Эмнеге илип коюшкан?..” Түшүнбөйм дегендей башын чайкады да, калган көрнөктөрдү кайра бир сыйра карап алды, - башын ийкегилей, -- Жаңыртышыптыр... Сырды каяктан алышты болду экен?..”. Эшикти аяр ачты. Эл анча деле көп эмес экен. “Ай аягы болуп калбадыбы, алып бүтүштү да...” деп шыбырап койду да, кезекке туруп калды. “50 сомдукка кошуп, темир тыйын сомдуктарды деле калтырайынчы, андан...” деп дагы бир жолу убада берип койду. Өзүнө өзү ыраазы боло алды жакка мойнун созду. Көзүнө шыдыр эле “Касса” деген жазуу, жазуунун алдыдагы төрт бурчтук тешикче урунду. Жүрөгү жылый түштү. СССРден калган эстелик. Дайыма ушундай кассадан айлыктарын алышар эле. Көбүнчө узун кезек. Баары жайдары. Тамашалашкан эле жандар. Күлкү жаңырат... Дүйнө өзгөрүп кеткендей туюлду. Аңгыча:
-- Саламатсызбы? - деген тааныш үн чыкты бет маңдайынан.
Мойнун созо, назар тикти. Баягы кассир келин отурат.
-- Саламатчылык.
-- Сиз эмнеге?
-- Пенсияма...
-- Кандай пенсияма?.. Сиздикин банкка которуп койгонбуз. Өзүңүз “макулмун” деп кол коюп берген турбайсызбы, эми балдарыңыз өздөрү эле... Сиз мындан ары...
Кассирдин эмне дегенин толук уккан жок. “Качан кол коюп бердим эле?”. Бир жолу кызы, байбичеси болуп талкуулашып, акыры аны кол коюуга ынандырышканы эсине түштү. “Убара болуп... Өз колум менен алып келип берип турам. Бир тыйынын да жебейм...” деп тамашалагандай болгон кызы. Денесин муздак тер басып кеткендей болду.
-- Аа... анда... Мындан ары...
-- Мындан ары, - деди кассир үзүлүп калган кебин улай, -- Бул жакка келбейсиз. Таптакыр...
“Келбейсиз!..” Эңги-деңги боло түштү да:
-- Жакшы калыңыз, - деди күнөөлүүдөй, алсыз.
Шашылыш чыкты. Мурда жука кармагычты аяр кармап, майда тепкичтен акырын жылып түшчү. Тепкичти кичине эле туура эмес басып алса, же таманын толук койбой койсо, буттары чалышып, бир балээ болуп кетеби деп чочулачу. Анан баягы агайынын “балам, карылык деген дарттардын толук жыйнагы экен...” деп тамашалай айткан сөзүн эстеп, “таамай айтыптыр” деп суктангандай жылмая кетчү. Бүгүн бул эсине келбеди, келмек турсун, тепкич менен кандай түшкөнүн да билбей калды көрүнөт. Колунан эң бир кымбат нерсесин тарттырып жибергендей болду. “Бул жакка келбейсиз. Таптакыр...”. Ушул сөз гана башында дыңылдап оюн салып жүргөнсүйт.
Башында анча деле элес алчу эмес, атүгүл унутуп да калчу. Анан бара-бара эле ушул күндү кадимкидей күтчү болду. Күтүү адатка айланып кеткенсиди. Акчага анчалык деле кардар болбосо да, ушул күндү күткөнү күткөн десең. Бул күндө кандайдыр сыр – үмүтпү, эрмекпи, айтор, сөз менен айтып берүүгө мүмкүн болбогон ыйыктык катылып жаткандай. Бир аз узап барып, башын почта жакка буруп, туруп калды. Баягы эски, кунары кача баштаган тепкичи көзүнө ушунчалык жылуу учурады. Кайра бери бурду башын, көзү жумуру, жалтырак нерсе менен чагылыша кетти. Денеси жыйрыла, муздай түшкөнсүдү. Ойлонгондон качкандай, кадамын ылдамдатты. Бүгүнкү көргөндөрү, өзгөчө чокмороктошкон ойлору көз алдынан чууруп өткөнсүдү. “Тык” токтоду. Эми ойлонбой да калабы? Негедир тынып алгысы келди. Көзүнө жол четинде кыркалай тигилген бактардын дал ортосундагы бутактары арбайган-тарбайган карт дарак чалдыкты. Акырын басып келди да, аны бир колу менен таянып туруп калды. “Бул жакка келбейсиз...”. Ушул эле жаңыргансыйт. Эми күтпөйт да экен да. Оюнан дагы качкысы келди. Кандайдыр бир башка нерселерди эстегиси келди.
Биринчи жолу пенсия алганы келген күнү эсине келе калды. Анда кезек узун болчу. Өзүнө кезек келгенде ведомостту тигиле караган: 4975. Бул сандар жөн гана цифралардай туюлган.
-- Сизди күтүп калышты, тушуна кол коюңуз, - деген кассир.
-- Аа...
Кол койгон; булар цифра эмес, акча экени ошондо эсине келген:
-- Төрт миң тогуз жүз жетимиш беш сом, - деп шыбыраган. Анан кимдир бирөөгө эсеп-кысап берип жаткансып, “Пенсиям төрт миң... Өмүр бою жыйган-тергеним...”. Ошондо өмүрүндө биринчи жолу өзүнө өзү аянычтуу көрүнүп, өзүнө өзү боору ооруган эле.
Баян ушуларды эстеп, бирок эмнелерди эстеп жатканын өзү да аңдай албай, карт даракка таянып, дагы көпкө кыймылсыз турду.











