Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Доллардын баасы көтөрүлгөн сайын өлкөнүн экономикасына чоң сокку жаралууда”

“Доллардын баасы көтөрүлгөн сайын өлкөнүн экономикасына чоң сокку жаралууда”

06-ноябрь, 13:59
833 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Доллардын көтөрүлүп баратканына, азык-түлүктөрдүн кымбатташына күбө болуп атабыз. Ишкерлер ар тараптан кыйналууда. Инвестициялык климат талкаланган. Деги эле экономикалык кризистен чыгуунун жолу барбы?” деп сурамжылоо кылдык. Ар тармактын белгилүү эксперттери жооп кылды.

Асылбек Ражиев, эксперт:

-- Жеке оюм мындай, биздин мамлекет президенттик шайлоо, андан кийин парламенттик шайлоолорду өткөрүп, жаңы өкмөт курамы келип, ишенимдүү бийлик орноп, легитимдүү ажо шайланып, чукул бурулушта баардык тармакта, анын ичинде экономика жаатында реформа жасоо керек. Коңшу мамлекеттер ортосунда соода-сатык маселелерин оң жолго коюу абзел. Эң ириде саясаттагы олку-солкуларды токтотуп, стабилдүү жолго түшкөнүбүз оң. Анткени, саясаттын артында экономикалык чоң маселелер жатат. Инвесторлор да бизге келүүдөн тайсалдап калышканын ушундан көрөм. Өзгөчө акыркы окуялардан улам каңырыгы түтөгөн абалда турушат. Буга чейинкилер зыянга учурашты. Андан тышкары, коронавирус пандемиясы да жалпысына өз залакасын тийгизип келүүдө. 

Кубанычбек Идинов, экономикалык эксперт:

-- Доллардын көтөрүлүп атканына биздин Улуттук банк эле күнөөлүү. Эмне дегенде, ар жыл сайын 3 млрд. доллар резерв кармачубуз. Быйыл 2 млрд. бар эле. “Долларга болгон курсту 70тен чыгарбай кармап тургула” десек укпай, андан чыгарып ийишти. Эми акырында 80ден ашып кетти. Ал эми резервдеги акчаларды Ысык-Көлдүн Бостери айылында Улуттук банктын “Достук” деген пансионаты бар, ошол жерге, чоңдоруна атайын килейген особняктарды салып атканы кандай? “Салып бүткөндөн кийин акырын менчикке алып коёбуз” дешип куйтуланып атышат өңдүү, “мыйзам бизге жол берет” деген мааниде, ушундай туурабы? Болбогондо, жанагы пандемия учурунда кымбаттап баратканда 75тен 80ге чыгарбай кармап турганга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Өткөндө коммерциялык банктарга 24 млн. доллар деп атпайбы, андан көрө 200 млн. доллардан салып, “момундай кармагыла, өйдө чыгарбай тургула” десе болмок да?! Бирдеме болсо эле “плаваем, плаваем” деп ооздорун ачып коюп отурушат. Какой там плаваем?! “Нефтинин баасы түшүп кетти” деген болбогон нерсе. ГСМдин баарысын Россиядан өздөрүнүн акчасы менен алабыз, доллардын көтөрүлүп атканы эч кандай нефтиге тийешеси жок. Ушуларга шылтоолоп, дагы коё берип койсо, 90го чыгат. А “эл кантип оокат кылат?” дегенди ойлонушпайт. Өздөрү жакшы айлык алышып, жыргап жүрүшөт, аларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Өткөн кылымдын 90-жылдары мыйзамга “Улуттук банк президентке гана баш ийет” деп жазып койгон экен. Аларды өкмөт да эчтеке кыла албайт. Жанагы мен айткан Бостеридеги “Достук” пансионатындагы килейген үйлөрдү кайсы акчага салып атасыңар?” деп сурап койгон жан жок. Булар эч ким билбеген коррупциялык схемаларды түзүп алышкан өңдүү. Мына көйгөйлөр, мына маселелер!

Кубан Чороев, экономикалык эксперт:

-- Бизде бүгүнкү күндөгү каатчылык убакта бир эле жол бар: жети жылдан бери акча системасын реформалаш керек (!) деп айтып келатам. Дүйнөдөгү окумуштуулардын, авторитеттүү экономисттердин маалыматында бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн Улуттук банктары туура эмес акча системасын алып алышкан. Анын ичинде валюталык системасын. Азыр Кыргызстанда Улуттук банктын деңгээли экономикалык таасирлерден улам өтө  төмөн түшүп кеткен. Ушундан улам экономикалык каржылоо инструменттерин чоңойтуш керек. Болуп аткан каатчылыктан чыгуунун бир гана жолун акча, валюталык системаны реформа жолунан эле көрүп атам, башка жол жок. Мен сунуштап аткан системада доллардын курсу ар дайым бир баада болот. Банк системасына валюталык резервдерди салганга мүмкүнчүлүк ачылат. Стабилдүүлүктү алып келет.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер