Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат ТЕМИРКУЛОВ, экология боюнча эксперт: “82 депутаттын жаратылышка каршы чыгышы – өтө коркунучтуу көрүнүш”

Азамат ТЕМИРКУЛОВ, экология боюнча эксперт: “82 депутаттын жаратылышка каршы чыгышы – өтө коркунучтуу көрүнүш”

04-ноябрь, 22:13
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламент жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык мыйзам долбоорун четке какты. Мыйзам долбоору 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аркар, тоо теке, марал, асыл бугу, жапайы каманды пайдалануу боюнча мергенчиликке тыюу салуу боюнча мораторий киргизүү үчүн талап кылынган эле. Бул четке кагуудан кийин демилге көтөрүп, кол топтоп баштадыңыздар. Кененирээк токтолсоңуз?..

-- Кыргызстан коррупция боюнча дүйнөнүн алдына чыкмай болду. Адам укугун коргой албай, коопсуздугуна кепилдик бере албай жатабыз. Анан жаныбарларды кантип коргошот? Ар кандай механизмдерди шылтоолоп чыгарып жатышат. “Бул жол менен коргойбуз, чет элдик туристтер атат. Бирок, ошол эле сан сакталат. Саны кемибейт” деп айтып жатышат. Бирок, мамлекеттин функциялары, механизмдери жакшы иштебей эле. Анан кантип биз кепилдик бере алабыз? Кепилдиги жок жаныбарларды атууга кантип уруксат берип жатабыз?  

Бюджетти толтуруп жатышканы менен экосистеманын башка жактарына чоң зыян келтиришүүдө. Себеби, ар бир жаныбарлардын экосистемада аткарган иштери бар. Ар бир жаныбар жөн эле оттоп жүргөн мал эмес. Мунун артында ар биринин өз функциясы турат.   

Ал оттойт. Анан өзү барс, илбирстерге жем болуп берет. “Азык чынжырчасы” деген бар. Алар жок болсо илбирстин тамагы да жок болуп калат. Ошентип атып, азык чынжырчасынын артынан башка жаныбарлар дагы жок болуп кетиши мүмкүн. Экосистема баланс менен сакталып турат. Буларды биз кырсак, анда өтө чоң зыян келтиребиз. Экосистемаларга зыян келтирсек, мөңгүлөр ого бетер эрийт. Табигат деген өзүнчө бир система. Бул Кыргызстандын табигатына чоң зыян алып келе турган иш болууда. Биз муну токтотушубуз керек. 

-- Мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш тартууну колдоп 82 депутат добуш берди, алардын тизмесин да жарыялап жатасыздар. Аларга көз карашыңыз кандай?

-- 120 депутаттын 82си макул болуптур, бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Мунун эки себеби болушу мүмкүн: биринчиден, кээ бир депутаттардын өздөрүнүн аңчылык иштеринде кызыкчылыктары бар. Андан тышкары, аңчылык – бул чоң бизнес. Мунун артында чоң акча турат. Ошонун арты менен өз кызыкчылыктарын коргоп, депутаттардын арты менен өз жумуштарын жасап, өз кызыкчылыктарын коргоп жаткандар бардыр. Үчүнчү жагынан биздин бюджет. Аңчылыка келген туристтер акча төлөйт. Ошол акча бюджетке түшөт. Балким, өзүбүздүн өкмөт бюджетти толтуруунун аракетин көрүп жаткандыр... Ушул үч себеби болушу мүмкүн. Бирок, бул себептер актабайт. 

-- “Аңчылык – өзүнчө бизнес” дедиңиз. Мисалы, кандай бизнес болушу мүмкүн?

-- Аңчылык кыла турган тоолор бар. Ал жакта атайын жаныбарлар көбөйтүлүп, анан келген туристтер атат. Бирок, бул принципте иш жүрүп жатканына эч ким кепилдик бере албайт. Санын көбөйтүп жатабы, канча баш жаныбарлар бар – анын так санын билген киши жок. Ар бир атылган жаныбардын өз лицензиясы бар да. Лицензиянын баасы кымбат. “Аңчылык кылам” деп келген туристтер аңчылык чарбачылыгына акчаларын таштап... бул жерде корупция ж.б. иштер жүрүшү мүмкүн. Демек, аңчылык чарбачылыгы өзүнчө бир бизнес. Анан бизнес болгондон кийин кызычылыгын албетте коргойт.

-- Кандай аракет көрүп жатасыздар, жыйынтык болчудайбы?

-- Биринчиден, эл билсин, маалымат тарасын (!) деп жатабыз. “Ушундай мыйзамды өткөрбөй коюшту” деп аттарын жарыялап, ушул депутаттар бул мыйзамга тоскоолдук кылганын эл билиши керек. Жаныбарлар депутаттардыкы эмес, элдики да. Ата-баба калтырып кеткен кенчтер. Ким ошону аттырып жатат, биз ошону билишибиз керек. 2020-жылы ошол депутаттар кайсы бир партиянын тизмесинде учураса, ошол партияларга каршы добуш берүү керек. Алар экинчи эл өкүлү болуп, бийликке келбеши зарыл. Мындай адамдарды жолотпош керек. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер