Сойкулукту калкалоого айыпталган Орозалиев кызматта, “крышасы” Султановбу?

2023-жылдын 24-мартында УКМК үч милиция кызматкерин камакка алган. Алар Биринчи Май РИИБде иштегендер эле. Лидери кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Дастан (Э.Д.Т) сойкулук жайларды калкалоо, алардан акча өндүрүп туруу боюнча айыпталган, аз күн мурда 8 жылга кесилди.
Азыр эмнеге эске салып атабыз? Эң кызыгы, ошол чуулгандан соң бир топ жетекчилер кызматтарынан кетишкен, алардын ичинде Биринчи Май РИИБнин оперзамы Улан Орозалиев да бар болчу. Тилекке каршы, убактылуу көз жазгырып, “кар жаады, из басылды” дегенге жетпей эле шашылыш түрдө чечим кабыл алышкан. Бишкек ШИИБнин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгына Улан Орозалиев дайындалып, учурда оозу-мурду кыйшайбай эле иштеп жүргөнүн кабарлашты. Оор айыпта кызматтан алынган адам тездик менен карьера жасап, мыйзамга, моралдык этикага түкүрүп коё береби?
Көрсө, бул эргулдун “крышасы” ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги Улан Султановбу? Эми бул кадрга эч кимдин алы жетпей калды, “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө иле берет”. Чыныгы таластыктарча тайраңдагандын үлгүсүн Алымбайдын баласы Улан гана далидей алат да.
Мына ушундай көңүл коштуктун айынан Биринчи Май районунун аймагынан кайрадан сойкулук жайлар табылып, гүлдөп эле иштеп атканы ачыкталды. Учурда УКМК кастарын тигип, милициялар менен сойкуларга бирдей “аңчылык” жасап, камап түгөтө албай күрөшүүдө. Булар бирине-бири эриш-аркак экен да...
"Азия Ньюс" гезити