Күн батат, кайра таң атат. Генерал Курсан Асановго жарык нур тийет...
Мурдагы бийлик Курсан Асановду бир жыл бою куугунтуктап, соттук процесстер менен эзип келген. Кой-Таш окуясы боюнча андагы министр Кашкар Жунушалиевдин арзыбаган интригасы, жалаасы менен караланган.
Натыйжада, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан аламанга аттанган генерал Курсан Асанов элдин колдоосуна арзып, популярдуулугу артты. Коомчулук күбө. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон карапайым калк көчөгө чыгып, бийликке акаарат келтиришти. Соңунда Акүй алынып, төңкөрүш болду. Мына ушундай көрүнүштөрдө каарманыбыз эл тарапта экенин ырастап, аянттан жалындуу сөз сүйлөгөн. Айтмакчы, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев ок аттырып, көпчүлүктү жарадар кылгандан кийин (бирөө каза таап), ал качып кеткен. Дал ошондо Курсан Асанов коопсуздук кеңешинин сунушу менен убактылуу ИИМге барып, чачылган милицияны жыйнап, коомдук кырдаалды жөнгө салууга жан үрөп, туруктуулукту сактоого салым кошкон эле. Оор учурдагы эрдиги көз жаздымда калабы?..
Тилекке каршы, мурдагы бийлик чагымчылык жасоо иретинде Курсан Асановду камакка алууга жетишкен. Кызык. Башаламандыкта ал активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп, тынчтыкты сактоонун камында жүрбөдү беле? Саясый рейтинги өскөн генералга көралбастык жасалып, түрмөгө камалды. Бул убактылуу сыноо! Акыйкат жеңиши керек. Күн батат, кайра таң атат... Курсан мырзага да жарык нур тийет, буюрса, убакыт бар. Сабыр эте туралы...
Aryba.kg