Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупжан Жээнбеков: “Бийлик партиясы менен эсептешүүгө убакыт келет”

Жусупжан Жээнбеков: “Бийлик партиясы менен эсептешүүгө убакыт келет”

20-март, 15:59
1 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жусупжан аке, түштүк жергесинде саясый абал кандай?

-- Жергиликтүү кеңешке бир-эки шаарда шайлоо иштери башталды. Көчөлөргө баннерлер илинип, элдин бүйүрүн кызытып аткан чак. Биз билип-билбеген көптөгөн жаштар чыгып атат. Алардын программалары менен да таанышып көрдүм. Жергиликтүү тургундардын учурдагы көйгөйлөрүн канткенде чечүү маселесин көтөрүп чыгып аткан сыяктуу. Ошону менен бирге көп жерлерде мага байкалып аткан нерселерин айтпай койбосом болбойт. Анткени алар “бийликтин командасындабыз, бизди колдойсуңар, колдогула” дешип, мектептерге барып үгүт иштерин кылып атышат. Эки же үч партия биргелешип клубдарда, маданий жайларда жыйын өткөргөнү коронавирустун жагдайынан улам байкалбайт. Эл ичинен суурулуп, “жарк” этип чыккан жаштар жокко тете, азыркыга чейин көргөн жокмун. “Үстү жак добро берди” дешип аткансыйт. Баардык нерсе “сатса, сатып алса болот” деген маселенин тегерегинде өңдөнөт. Арасынан чыгып калар деген үмүт артуу күч. 

-- Коронавирус боюнча Ош шаары кандай чараларды көрүүдө, эмне байкаганыңыз бар?

-- Бул вирус бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салып койду. Эки кишинин башы кошулган жерде ушул тема актуалдуу. “Сактансаң Кудай сактайт” дейт. Учурунда МЧСти, облусту башкардым, республикалык масштабда матрезервдерибиз канчалык деңгээлде даяр? “Казакстан жаппайт” деп бүгүн айтып атабыз, а эртеңчи? Кичине тополоң болгондо жаап коюп атты го, мындай нерсени эске алуубуз керек. Ошентсе да “досуңа ишен, бирок өзүңө камдуу бол” деген сөз бар. Биз ушуга канчалык деңгээлде даярбыз? Коронавирус деген шойком бизде пайда болуп калганда кеч болуп калышы мүмкүн. Эки-үч күн катары өкмөт, бийлик элге чыгып түшүндүрүү иштерин кылды. Мындайды байма-бай жүргүзүп, азык-түлүк запастарын тактап, элди ар тараптан маалымат менен камсыз кылып туруу кажет. 

-- Жогоруда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө кеп кылдык. Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Жеке өзүңүз шайлоого аттанбайсызбы?

-- Суке, өзүң билсең керек, КСДПдан 2009-жылы эле чыгып кеткем. Азыр эч кандай партияда жокмун. Анткен менен дүрмөттөр түгөнө элек. Жаштарга билгендеримди, коомдук иштердеги тажрыйбамды болушунча бөлүшкөнгө ар качандан бир качан даярмын. Ал-күч жайында. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн кандай болбосун жаштарга туура жолду көргөзүп, акыл айтып, өзүм алдыга түшүп алып айтайын деген ниеттерим бар. Ар кыл саясый партиялардан “биздин партиянын аксакалы катары депутаты болуп бербейсизби?” деген сунуш түшүп атат. Мени колдой турган электоратым Кудайга шүгүр эле. Жакында Жалал-Абад шаарына барсам, “депутаттыкка талапкерлигиңизди койбойсузбу? Жаштар бир аз түшүнбөй жатышат. Мыйзам эмне экенин билбегендер бар. Эгер сиз аттансаңыз биз колдойт элек” деп жаалашты. Бул маселе жакынкы арада бир беткей чечилет. Алдыда убакыт бар. Менимче, бийликтин партиясы менен эсептешүүгө убакыт келет го...

-- Соодалашасызбы же башка өңүттөбү?

-- Натурамда, турган-турпатымда чындыкты гана айтып жүргөн принцибим бар. Ал принциптен ушуга чейин тайган эмесмин, тайыбайм да. Бул – биринчиси. Экинчиси, коомдо болуп аткан терс жагдайларды көрүп-билип туруп унчукпай отура берсең, мындан өткөн мекенге кылган чыккынчылык жок да. Бийликтин туура эмес кылып аткан иштерин айтып тургандын эмнеси жаман? Бийликтин өзүнө эле жакшы болуп атпайбы. Ушул өңүттө эсептешем. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер