Дүйшөнбек Камчыбеков: “Таш-Булак кени боюнча президентке жалган маалыматтар берилүүдө”

Маектешибиз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек мырза ар дайым кен маселелери боюнча реалдуу чындыкты айтып келет. Бул саам да олуттуу көйгөйлөрдү козгоптур, баам салып көрөлү.
-- Өткөн жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүү-иштетпөө боюнча бир топ маселелер талкууланган эле. Айрыкча сиздер адис катары эл билбеген көп жагдайларды көтөрүп чыктыңыздар. Кызыл-Омполдо курулуш иштери башталганы айтылып, аткаминерлер чубактай катташууда. Учурдагы абал боюнча пикириңизди уксак?
-- Учурда Таш-Булак участкасында, Кызыл-Омпол кен жайында активдүү иштер жүрүп жатат. Ал жерде административдик комплекс курулуп, жолдор салынып, инфраструктура жакшыртылып, жарыктандыруу маселелери чечилип, экологиялык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Бирок, мурдагы маалыматтар боюнча бул жерде 2018-жылы 905-протоколдун негизинде кендин запасы төмөнкүдөй аныкталган: Урандын кору 3500 тонна, торийдики да 3500 тонна, фосфор 10000 тонна, цирконий 34000 тонна, титаномагнетит 1,6 000000 тонна деп бекитилген.
Бул жумуштарды ошол мезгилде ОсОО «ЮрАзия» деген компания жасаган. Бирок, учурда бул корлор боюнча көйгөйлүү маселелер жаралып жатат. “ЮрАзия” компаниясы ГКЗга баланска коюлуп жатканда кандай максатты көздөгөн – бул дагы өзүнчө суроо. Себеби, “ЮрАзия” 2018-жылы кендердин корун коюп жатканда урандыкы бери дегенде 4-5 эсе жогору болуп коюлуп калган. Бул маалымат тийешелүү адистер тарабынан айтылып жүрөт. Болжолдуу кору башында 3500 тонна деп белгиленген урандын көлөмү 700-800 тонна болуп калышы мүмкүн экени айтылууда. Бул маселе да опурталдуу, себеби ГКЗнын балансына коюлган корлордун негизинде курулуш иштери башталды да...
Эгерде мамлекеттик баланс үчүн көрсөтүлгөн минералдык корлор ашыкча көрсөтүлгөн болсо, анда бул долбоор экономикалык жактан пайдалуу болбой калышы мүмкүн. Башкача айтканда, бул кенге байланыштуу маалыматтар кайра такталышы шарт. ГКЗ боюнча адистик пикирибизди билдирип, өзгөртүүлөрдү киргизбесек болбойт. Себеби, кендердин корлору аныкталбай калган учурлар көп. Мисалы, ГКЗнын маалыматынын негизинде ошол эле Кумтөрдө 2022-жылы 9 жарым тонна алтындын кору аныкталбай калды. 2023-жылы болсо 3,7 тонна ачыкталбаса, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 4 тонна алтындын кору аныкталган эмес. Бул кандай? “Сөзсүз түрдө ГКЗнын ишмердүүлүгүнө принципиалдуу түрдө өзгөртүүлөрдү киргизбесек болбойт” деген тыянакка түртөт.
Кызыл-Омполдогу Таш-Булак участкасында коюлган корлор дагы чоң күмөн саноолорду жаратууда. Ал жерде толук кандуу иштер жүргүзүлүп жатканына байланыштуу пландаган корлор аныкталбай калса, аталган долбоордун актуалдуулугу жокко чыгып калат.
Айталы, мекеме бир жылда 175000 тонна руданы кайра иштетүү планын койгон, ал эми бул күнүнө 500 тонна кенди кайра иштетүү эсеби менен каралат. Ушуга байланыштуу, бул компания тийешелүү жабдууларды сатып алуу үчүн Кытай менен келишим түзүп, аларды алып келүү аракетин көрүүдө. Дал ушул иштер башталардан мурун экономикалык эсептөөлөр болгонбу же жокпу? Бул өзүнчө маселе.
Ал эми тийешелүү адистердин катышуусу менен экономикалык абал кандай болору жөнүндө сөз кылсак, эгерде алар күнүнө 500 тонна кенди иштетсе жана анын курамы белгилүү болсо, анда натыйжа кандай болору болжолдуу эсептелди. Мындай эсептөөлөр боюнча, концентрат алуу, аны кайра иштетүү менен болжолдуу түрдө 5 миллион доллар сарпталышы мүмкүн. Ал эми концентратты кайрадан иштетүү үчүн заводдорго жөнөтүү, андан продукция алуу 1,8 миллион долларды түзөт. Ал эми ошол концентраттарды заводдун товардык продукциясына жеткирүү, өндүрүшкө даярдоо жана башка чыгымдар 3,9 миллион доллар болот экен.
Эсептеп көрсөк, жалпысынан бул 10,7 миллион долларды чапчыйт. Эгерде биз ошол ресурстардын уран, торий, титан жана башка баалуу металлдардын биржадагы учурдагы баасын эске алып эсептесек, анда 1,3 миллион доллар киреше табылат. Ал эми жалпысынан капиталдык, эксплуатациялык чыгымдарды кошкондо 10,7 миллион долларды түзсө, анда таза пайдасы 1,3 миллион доллар болсо, демек, алардын айырмасы 9,4 миллион долларды түзөт экен. Бул сумма киреше эмес эле чыгаша да. Чыгымдардын негизинде аталган долбоор пайдасыз болуп калат.
-- Убагында Акылбек Жапаров бир топ жогору цифрадагы киреше тууралуу сөз кылды эле...
-- Ооба, бул боюнча мурунку министрлер комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров титаномагнетит боюнча “Таш-Булак участкасынан эле 88 миллиард доллар киреше түшөт” деп маалымдаганы төгүнгө чыгып, туура эмес даярдалып айтылганы аныкталган. Чындыгында, “Таш-Булак кенинен болгону 2 миллиард доллар киреше түшүшү мүмкүн” деген маалымат да жокко чыгууда.
Демек, биз бул жагдайды так карап чыгышыбыз зарыл. Бизде фантазёр адистерибиз да бар. Толук кандуу эсептөөлөрдү жүргүзбөй, туура эмес маалымат беришкен. Ошого байланыштуу биздин президентибиз Садыр Жапаров: “Кайсы маселени болсо дагы жети өлчөп бир кесиш керек” деп белгилеп айткан. Бул күндөрү да президентибизге жалган маалыматтар берилип жатат. Ошондуктан, бул долбоор боюнча мамлекет башчысына так жана туура кеңеш берүү өтө зарыл.
Ошондой эле Акылбек Жапаровдун “Таш-Булак кенинен чыккан продукция Кытайга сатылат, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү” деген маалыматтары да төгүнгө чыгууда. Бул боюнча мамлекет башчысына анык маалымат берүү үчүн жогорку квалификациялуу геологдордон турган жумушчу топ түзүлүп, кендин запасын кайрадан эсептеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, экологиялык жана радиациялык экспертизалар сөзсүз жүргүзүлүшү керек. Бул экспертизаларды көз карандысыз эл аралык уюмдар аркылуу жүргүзүү сунушталат.
Бүгүн бир эле Таш-Булак участкасы тууралуу сөз болду. Андан тышкары, Түндүк, Оттук, Баке, Узун-Сай сыяктуу башка кендер боюнча да геологиялык чалгындоо иштерин кайра карап чыгуу шарт. Мен мурда да белгилеп айтып келгем, алар жайгашуусу боюнча да суу сактагычтарга, жолдорго жана темир жолдорго өтө жакын болгондуктан, аларды иштетүү толук мүмкүн эмес. Бул маселелер дагы так изилденип, мамлекет башчысына так жана негиздүү маалымат берилүүгө тийиш!
"Азия Ньюс" гезити