Акыркы кабарлар
» Саясат » Россияда Мамдума шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы чыкты
Россияда Мамдума шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы чыкты
20-сентябрь, 12:22
1 145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча "Единая Россия" партиясы добуштардын 47,11 пайызын алып алдыда бара жатат.
Соңку маалымат боюнча протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш пайыздык босого чектен өткөн саясый уюмдар төмөнкүлөр:
- "Единая Россия" — 47,11 пайыз;
- КПРФ — 20,93;
- ЛДПР — 7,91;
- "Справедливая Россия — За правду" — 7,54;
- "Новые люди" — 5,78.
Ал эми бир мандаттуу округдан тогуз партиянын өкүлдөрү мандатка жетери күтүлүүдө:
- "Единая Россия" — 188;
- КПРФ — 15;
- "Справедливая Россия — За правду" — 6;
- "Самовыдвиженцы" — 5;
- ЛДПР — 1;
- "Яблоко" — 1;
- "Гражданская платформа" — 1;
- "Коммунисты Россия" — 1;
- "Родина" — 1.