Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Журналист Гүлжан Шерипбаевага мамлекеттик машина каршы иштеди

Журналист Гүлжан Шерипбаевага мамлекеттик машина каршы иштеди

01-ноябрь, 19:30
813 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“NazarNews” сайтын жаптыруу менен Акылбек Жапаров сөз эркиндигине кысым жасап, тарыхта дагы бир “кара так” жаратканын сездиби? Мамлекеттик жогорку чиновник сын-пикирге чыдамкай, бийик болушу керек эле. Тилекке каршы, майдачылыкка алдырып, өч алууга өтүп алды. 

Ошентип, сайттын түзүүчүсү жана редактору Гүлжан Шерипбаевага мамлекеттик машина жапатырмак каршы иштеп, максаттарына жетишти. Албетте, бул убактылуу жеңиш. Мындай саясый күрөштөр Гүлжан айымды чыйралтат, бир эсе сабак катары көп нерсени талдоого негиз түзөт. “Кимдин ким экени кыйынчылыкта билинет” дегендей, бул да болсо сыноо. Өткөн чак менен келечекке абай салуу керек... Негизи Гүлжан кесипкөй журналист, тайманбас, өжөрлүгү бар. “AKULnews.kg” сайтын ачып жатканын, бийликтеги майда-чоң бузукулар менен кайрадан күрөшүүгө бел байлаганын жарыя кылды. Арка-бел болуп, ийгилик каалайбыз! Адилеттүү сөз, кара кылды как жарган калыстык сынбасын! 


“Азия Ньюс” гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер