Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Банандын баа жеткис пайдалары

Банандын баа жеткис пайдалары

14-июнь, 17:57
678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз банандын кабыгын ыргытып салып, ичин жейбиз. Көрсө, банандын кабыгынын да күнүмдүк турмушта пайдасы тийет экен.

Банандын кабыгынын ширеси

Банандын кабыгын 10 мүнөт кайнатып, муздаганда сиз иче турган ширеге кошсоӊуз өзгөчө даам берет.

Тишибизди агартабыз

Банандын кабыгынын ички бети менен тишиӊизди сүртсөӊүз, агарганын байкайсыз. Себеби, кабыгында минералдар көп болгондугуна байланыштуу, тиштеги тактарды гана кетирип тим болбостон, витаминдерди да берет.

Бетиӊиздин терисин жакшыртат

Банандын кабыгын косметикада да кеӊири колдонсо болот. Кабыгынын ички бети менен бетиӊизди сүртсөӊүз, андагы витаминдер беттин терисине сиӊип, бетиӊиз жумшарып, өӊү жакшыра түшкөнүн байкайсыз.

Ал эми жумасына 2-3 жолу андай ыкманы кайталасаӊыз, беттеги бырыштардан да арылууга болот. 

Өсүмдүктөрдү курт-кумурскалардан сактоодо 

Өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө майда курт-кумурскалар терс таасирин тийгизип келет эмеспи. Андай учурда жакшы бышкан банандын кабыгын өсүмдүктүн айланасына коюп койсоӊуз, курт-кумурскалар андай жерге барбайт. Себеби, аларга банандан чыккан жыт жакпайт. Бирок, өтө көп койбогонго аракет кылыӊыз.

Бут кийимди тазалоодо

Териден тигилген бут кийимге бут кийимди майлоочу май жакшы жыйынтык бербей калган учурда банандын кабыгы жардамга келет. Болгону банандын кабыгы менен бут кийимди сүртүп чыгып, кургак кездеме менен аарчып коёсуз.

Өсүмдүктөрдүн жакшы өсүүсүнө

Сиз өсүмдүктү айдап жаткан учурда бананды 4-5 бөлүккө бөлүп, айдай турган жерге салып, урукту же болбосо бакты сайып коюӊуз. Бирок, урук же бак банандын кабыгына жетпеши керек. Банан өз учурунда керектүү минералдар менен камсыз кылып, өсүмдүктүн туура өсүп, мыкты түшүм беришине шарт түзөт. 

Күмүштү тазалайбыз 

Банандын кабыгы менен зер буюмдарын да жалтыратып тазалоого болот. Аны менен күмүштү сүртсөӊүз, мурдагы өзүнүн өӊүнө алып келет.

Ашканада

Ашканадагы кожойкелердин көбү этти жумшак бышыргысы келип, кээде алар ойлогондой жумшак бышпай, катуу болуп калат эмеспи. Этти жумшак жана күйгүзбөй даярдоодо казанга биринчи банандын кабыгын салып, анан этти бышырса, эт жумшак жана даамдуу бышат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер