Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бай-кедейге бөлүнүү азыркы мезгилдегидей оркоюп көрүнгөн эмес эле”

“Бай-кедейге бөлүнүү азыркы мезгилдегидей оркоюп көрүнгөн эмес эле”

19-январь, 12:41
1 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргыз коомчулугу бай-кедейге бөлүнүп, ажырым кетип бараткан жокпу? Жашоодо жакырчылыктан жабыркагандар, кыйналгандар көбөйдү го?..

Клара Ажибекова, коомдук ишмер:

-- Кыргыз коомчулугу союз кулап, феодал-капитализм келгенден бери эле “ бай” жана “кедейге” бөлүнгөндөн-бөлүнүп келе жатат! “Демократиялык өлкөнү тургузабыз” деп бизди Батыш өлкөлөрү Эл аралык валюта фондунун көрсөтмөсү менен завод-фабрикалардын ишин токтотушуп, приватташтырышып, элди ишсиз калтырышып, эбегейсиз жакырчылыкка алып келишти. Ошону менен мектептерде бекер болгону менен көп жылдар бою окуучулар акча төлөп келишти. Ооруп калсаң, текшерилүү, анализдериң, дарыланганың, хирургиялык операциялар бүт акча аркылуу бүтөт. Буларды кантип оңдойбуз? Анүчүн социалдык мамлекетти тургузуш керек. Акырындык менен социализмге өтүү зарыл. Ошондо бай менен кедейдин ортосундагы ажырымды жоготобуз.

Болуш Саиев, коомдук ишмер:

-- Абдан актуалдуу маселелер коюлуптур. Адам баласынын жашоо-турмушу илгертен эле «бай-кедей» болуп келе жатат. Бирок, азыркы мезгилдей оркоюп, жамааттарды, коомчулукту түйшүккө салган эмес. Мунун кесепети ала-тоолук кыргыздарга көбүрөөк тийип жаткандай. Буга мигранттардын токтобогон агымдары далил болуп аткансыйт. Элеттик элдин турмуш тиричилиги Кудайга шүгүр! «Бай-манаптык», «кедей-кембагалдык» кырдаалдар шаар-мегаполистерде орун алууда. Адал эмгектен качкан жалкоолор шаарчаларга толуп алышкан. Аларды амалкөйлүк менен пайдаланган шылуун «нувориш-чиновниктер» көбөйдү. Анысы аз келгенсип, интернет-мошенниктер “кидала” кылышып, кырдаалды курчутууда. Жыйынтыгында: карапайым калктын жана жеке ишкер-фермерлердин мойнуна салык саясаты тайгандын мойнуна тагылган каргы-кайыштай илинип, кырдаалды күчөтүүдө. Баардыгына чыдап жүргөн баягы эле байкуш карапайым эл...

Валимжан Таңырыков, БГУнун профессору:

-- Биз билебиз Маркстын айтканын Бытие определяет сознание дегенин. Революциялар, төңкөрүштөр эмне үчүн болгон жана уланып келет? Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш кандай себептерден улам кайталандыЭмне үчүн Садыр Жапаров акыркы төңкөрүштү жетектеди? Ушул сроолорго кыргыздын ойчулдары, даанышмандары, акылмандары Маркстан бир нече кылымдар мурун жооп таап койгон тура, “турмуш ойду жүгүртөт” деп.

Кыргызстанда бийликтин жасаган көп аракеттерине карабай, эл кескин түрдө экиге бөлүнүп бара жатат. Тилекке каршы, баягы эле аткаминерлер байып, карапайым эл сазга батууда. Мунун кандай себеби бар?

Мен азыр Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси менен иштешип жатам. Абдан акылдуу, жөнөкөй, билимдүү, Америкадагы Гарвард университетинде, Англиядагы Лондон дипломатиялык мектептен таалим алыптыр. Мен “Кыргызстан кандай экен? Эл, жер жактыбы?” деп суроо салдым. “Кыргыз эли меймандос, жери абдан көрктүү, бай жаратылышы бар экен” дейт. “Күндөн күнгө баа кымбаттап, эл жакырланып баратат, эмне үчүн?” десем, “мамлекеттик башкаруу начар” дейт.

Чын эле башкаруу начарбыСадыр Жапаров мактаган министрлер кабинетинин башчысы, эки тизгин бир чылбырды колуна алып иштеген Акылбек Жапаров “салык жана бажы менен экономиканы көтөрөм” деп мактанып атып, аягында “мактаган кыз тойдо осурат” болду го. Акылбек Жапаровдун жумуштан алынышы элчинин айтканын так даана тастыктап турат.

Эми мамлекет башчылары, өкмөт кызматчылары салыктан жана бажыдан түшкөн акчалар менен мактана бербей, чыныгы экономиканы жаратып, жумуш орундары менен элди камсыз кылып, жогорку айлыктарды төлөп, турмуштун социалдык жактарын өркүндөтпөсө, эл көтөрүлбөйбү? Эч ким кепилдик бере албайт...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер