Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бөбөгүм экөөбүз жетимбиз, алдыдагы жашоомдон корком...

Бөбөгүм экөөбүз жетимбиз, алдыдагы жашоомдон корком...

04-апрель, 13:43
2 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен азыр жыйырма жашка чыктым. Он алты жашымда ата-энемден айрылып, кичинекей иним менен жетим калдым. Эстесем дагы деле ыйымды тыя албайм, ата-энең жок, суусуз чөлдө жалгыз калгандай эле болдум... Ооба, туугандарым бар. Атам жактан тууганы бизди мыйзам алдында багуу үчүн сөз берген, бирок бизди карабай койгон. Мен өзүм жанталашып, кошуна эжекелердин жардамы менен инимди чоңойтуп алдым, буюрса! Атамдын агасына биздин үй керек үчүн менден акырын документтерди алуу үчүн анда-санда келип турчу. “Документтерди бер, катып коём” дегенинен “билбейм” деп кутулчумун. Кудайга шүгүр, мен паспорт алганда, үйдү, инимди дагы өз наамыма которуп алууга жетиштим... Атамдын туугандары мени ошол үчүн дагы деле жек көрүшөт. Үйдү албай калгандарына ачуулуу алар. Атамды, энемди сагынып, ошолордон алчу жылуулукту аламбы (?) деп үмүттөнүп барам туугандарыма. Баары эле "жетимсиңер" дегенсип бизди жээришет. Байкуш иним эч нерсени али түшүнө элек. 6 жашка чыгат жакында. Мени "апа" деп атап алган, айлам жок азыр “кичине” деп мен унчукпайм. “Кийин чоңойуп эс киргенде баарын айтып түшүндүрөм” деп ойлоп коём. Инимди аябай жакшы көрөм. Ансыз жашоом жашоо эмес. Ата-энемден калган мага мурас бул иним. Кыйналып, кысталсам да, жашоодон далай сокку жесем да, сыноолорго мен моюн сунбай келем. Акыркы күндөрү жүрөгүм ооруп келет, билбейм эмнеге?.. Ата-энемдин сүрөтүн алып, сыздап ыйлап алам.  Жыйырмага чыгып, өзүмдү бир өмүр жашап өткөндөй сезем, жашоодон чарчайм. Жалгыз жыргалым кичинекей бөбөгүм иним, ошонун күлкүсү мени алаксытып, жашоого кичине дем берет, болбосо жашоонун кызыгы жок. Алдыдагы күндөрдөн корком...

Сапар К.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер