Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына миңдей техпаспорт тапшырылды

Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына миңдей техпаспорт тапшырылды

25-январь, 11:52
620 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарындагы жаңы конуштун жашоочуларына 25-январга карата 999 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэрия "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Жер-Ынтымак конушунан 1070 билдирүү түшүп, 1012 техникалык паспорт даярдалган. Мындан сырткары, 10 арызды кабыл алуудан баш тартышкан.

Ошондой эле Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан былтыр 13-декабрдан тарта 1384 билдирүү түшкөн. Быйыл 11-январдан бери Дордой-2 конушунун жашоочуларынан 419 арыз келип, иш жүрүп жатканы айтылды. Мындан тышкары, 17-январдан тарта Ак-Тилек конушунан 186, Ак-Босого конушунан 127 арыз түшкөн.

7-декабрдан бери жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган. Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоого жардам берет. Ал үчүн өзүмбилемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт. Ошондой эле шаардыктар мамлекеттик каттоо кызматына түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз бере алат.

Техникалык паспортту даярдоо жерди мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер