Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыжапар Бекматов: “Талапкерлердин кайрымдуулук кылуусуна тыюу салынат”

Абдыжапар Бекматов: “Талапкерлердин кайрымдуулук кылуусуна тыюу салынат”

09-август, 12:15
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- БШКнын пандемия кырдаалында шайлоо өткөрүүгө болгон даярдыктары кандай жүрүп жатат? 

-- Борбордук шайлоо комиссиясы төртүнчү октябрга белгиленген шайлоого даярдыкты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, календардык иш пландын негизинде жүргүзүп жатат. Азыркы жөнөкөй эмес кырдаалда, биз саламаттык сактоо министрлиги менен шайлоо процессинин этаптарына жараша, процесске тийешеси бар баардык жактардын кыймыл-аракеттеринин алгоритимин иштеп чыгып, ушунун негизинде иш алып баруудабыз. 

-- Шайлоого бөлүнө турган сумма кыскарганы белгилүү, ал эми донорлордон кандай көлөмдө каражат келет жана алар кандай сарпталат? 

-- Мамлекеттик бюджеттен төрт жүз кырк алты миллион сом бөлүнөт. Ал эми эл аралык донорлор аркылуу алтымыш миллион сомго жакын акча каралат, бул коргонуу каражаттарына, уюштуруу маселелерине жумшалат. Бүгүнкү күнгө керектүүлөрү келген. Алар: беткап, колкап, санитайзерлер. Кызматкерлерибиз идентификация, шайлоо тизмесин тактоо сыяктуу жумуштарды жасашууда. Ар бир шайлоо участкасында төрттөн комиссия иштегенге шарт түзүлдү. 

-- Добуш берүү күнүндө жарандардын коопсуздугу кандай сакталат?

-- Бул күнү ар бир шайлоочуну коргонуучу каражаттар, тагыраагы, беткап жана колкаптар менен камсыз кылабыз. Шайлоо участкалардын кире беришинде өз алдынча башкаруу органдары, медицина кызматкерлери менен биргеликте адамдардын, журналисттердин, байкоочулардын дене табын текшеришип, анан киргизишет. Баардык участкалар температураны өлчөөчү дистанттык аппараттар менен камсыздалат.  

-- Шайлоого катыша турган партиялардын социалдык тармактардагы кыймыл-аракетин көзөмөлдөп жатасыздарбы?

-- Бүгүнкү күндө социалдык түйүндөрдү тескөөгө мүмкүнчүлүк жок. Мыйзамда да каралган эмес. Анткен менен саясый партияларга “үгүт иши башталганча социалдык желелерде агитация жасабагыла” деген кайрылуу жолдогонбуз. Буга моюн сунбагандар жумушчу топко чакырылып, эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

-- Пандемияга байланыштуу кайрымдуулук кылгандар, ыктыярчылар кайсы бир партиялар менен шайлоого барышары айтылууда. Ушул туурабы?

-- Азырынча бир да партия съездин өткөрүп, тизмесин расмий жарыялай элек. Бирок, сиз туура белгиледиңиз, шайлоо дайындалган күндөн баштап, анын расмий жыйынтыктары чыкканга чейин кайрымдуулук иштерин жасоого, жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эгерде бүгүн кайрымдуулук иштерин жасап, эртеси талапкерлердин тизмесинде болсо, же кайсы бир саясый партияларга тийешелүү экени аныкталса, БШК алардын тизмелерин каттоодо жана шайлоонун башка этаптарында муну эске алат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер