“Жалыны бар жаркын ырлар жазылат Кадимки эле сүйлөп жүргөн сөзүңөн”

(Аман Токтогуловдун Расул Гамзатовдун «Менин Дагестаным» китебинен котормолору)
Китептин формасы, кандайча жазылышы тууралуу
Дайым кында жата берсе канжарды дат басат.
Дайым үйдө уктай берсе жигитти май басат.
(канжардагы жазуу)
Сапталчу ийне сапталды
Тигээр кийимим эмине?
Тагылчу кыл тагылды
Ырдачу ырым эмине?
***
Жакшынакай кумаралар жасалат
Жанагы эле топурактын өзүнөн.
Жалыны бар жаркын ырлар жазылат
Кадимки эле сүйлөп жүргөн сөзүңөн.
***
Тоок түш көрсө бүркүт экен, аскадан учам деп канатын сындырыптыр. Булак түш көрсө килейген дарыя экен, чөлгө бир жапырылып алам деп соолуп жок болуптур.
Тема
Талкалайм деп лом издегенче, ачкыч изде.
(каалгадагы жазуу)
«Тема» бергиле дебе, «көзүм жок, көз бергиле» де.
***
Ой менен сезим куш болсо, тема асман.
Ой менен сезим бугу болсо, тема токой.
Ой менен сезим жолдор болсо, тема ошол жолдор бара турган, барып кошула турган шаар.
Стил
Ырчыны үнүнөн, зергерди оюмунан тааныйсың.
(кубачеде жасалган буюмдардагы жазуу)
-- Эмне кыйкырасың?
-- Кыйкырып атамбы? Менин сүйлөө манерам ушундай.
(эрди-катындын сөздөрүнөн)
-- Негедир сенин ырларың ырга окшошпойт.
-- Менин жазуу манерам ушундай.
(акын менен окурмандын сөздөрү)
***
Жыйырмасында күчү жоктон күч күтпө, отузунда акылы жоктон акыл күтпө, кырк жашында акчасы жоктон акча күтпө.
***
Ичинде автору көрүнүп турбаган чыгарма – үстүндө киши жок кетип бараткан атка окшош.
Сюжет
«Бир сүйлөм бир залкар ойду сыйдырып алышы мүмкүн. Бир залкар сезим бир сөзгө батып кетиши мүмкүн. Бүткүл окуяны бир эпизод толук баяндап салуусу ажеп».
***
Тойго кийүүчү көйнөктү да, көрдө жатчу кепинди да бир эле ийне тигет.
"Азия Ньюс" гезити