Жаштыгым депутатка, анын түрмөдөн чыккан досуна кор болгон...
Ал күнү сүйлөшкөн жигитим ресторандан мени белгилүү депутатка тааныштырып, өзү кетип калган. Ошол бойдон келген жок. Мен анда көп нерсени түшүнбөптүрмүн...
Аскар байке (депутаттын аты өзгөртүлдү) сылык сүйлөп, үйгө жеткизип коюуну айтты. Бирок, жолдон тескери бурулуп, шаардын жогору жагына айдады. Ал катуу кызып калган. Биз бактардын арасына барып токтодук. “Таанышып, сүйлөшүп отуралы” деди. Жарым сааттай жакшы отурдук, анан арткы орунтукка өтүп, мага жабыша баштады. Карылуу колдоруна алым жетпеди, көйнөгүмдү түрүп эле зордуктап койду. Ыйлап, ичим кирдеп отурдум. Мени эркелетип, 200 доллар колума карматты. “Экөөбүздүн ортобуздагы сыр болсун” деди. Үйүмө жеткизип койду.
Жигитим ошол бойдон жоголду. Мага Аскар байке жума сайын жолугуп, атайын квартирага алып барат, “ишин бүтүрөт”, кээде машинасынан эле “уйпалап” салат. Мага күнүмдүк жашоомо жардам берип жүрдү. Ошентип, үч жыл өттү. Акыры ал дагы бир досуна тапшырып, менден кол үздү. Анысы түрмөдөн жаңы чыккан жинди экен, таанышкан күнү эле кыйнап, жыныстык катнашка барууга мажбурлады. Анын айтканына көнүп бердим...
Көп убакыт ошол депутаттын досу, Жаныбек аттуу зектин ойношу болуп жүрдүм. Ал күндөр үчүн өкүнөм...
Эми ойлосом, жаштыгым текке кетиптир. Кийин өзүм теңдүү жигитке турмушка чыга албай, 30 жашы улуу, аялы өлгөн адам менен турмуш куруп, кайра ажырашып кеткем. Учурда Казакстанда иштеп жүрөм... Өткөн күндөрүмө ичим эзилет...
Жайнагүл
Aryba.kg