» Саясат » Алмазбек Атамбаевден кийин Райымбек Матраимовго кут түшкөнбү?
Алмазбек Атамбаевден кийин Райымбек Матраимовго кут түшкөнбү?
22-октябрь, 12:00
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жараткандын сырдуу көрүнүшү сыңарындай сейрек адамдарга кут түшөт. Бул боюнча уламыштар менен фактылар айтылып келгенин билебиз. Тарыхыбызга кылчайсак, Жантай хандын уулу Шабдан баатырга, Ормон ханга, Алымбек даткага, Совет доорунда Турдакун Усубалиевге, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Аскар Акаевге, андан соң Алмазбек Атамбаевге кут түшүп, кийинки мезгилде Райымбек Матраимовду сыйкырдуу керемет курчап алганын баамдап турган чагыбыз. Оомат оошот, аны кармап калуу өзүнчө олжо. Маңдайга жазган, төлгөчүлөр божураган, тарыхка из калтыра турган инсандардын тизмеси мезгил удулуна жараша бааланат. Демек, Райымбек агабыз чөптөн бийик, булуттуу көктөн жапыз жүрүшү керек. Хандарды, баатырларды сынаган доор уланууда.