Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украинадагы кырдаалда өзгөрүү жок, Россияга каршы санкциялар күчөөдө

Украинадагы кырдаалда өзгөрүү жок, Россияга каршы санкциялар күчөөдө

15-март, 18:14
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Би-Би-Си жана Meduza орус кызматы Украинадагы акыркы суткада болгон окуялар, ошондой эле дүйнөдө болгон маалыматтар менен бөлүшүштү.

· Украинанын шаарларын аткылоо уланууда. Киевде ракеталардын сыныктарынан он кабаттуу, он алты кабаттуу имарат күйүп, эки кабаттуу үй жабыркады. 

· Украинанын Башкы штабы фронттордо олуттуу өзгөрүүлөр жоктугун билдирди. 

· Курчоого алынган Мариуполдо шаардык кеңештин эсеби боюнча буга чейин кеминде 2357 адам каза болгон.

· Россиянын мурдагы вице-премьер-министри, азыркы ФИДЕнин жетекчиси Аркадий Дворкович согушка каршы пикирин билдирди.

· Биринчи каналдагы кечки жаңылыктар учурунда түз эфирге согушка каршы плакат көтөргөн аял чыккан. Ал каналдын кызматкери Марина Овсянникова экени аныкталып, аны кармап кетишкен.

· Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын төртүнчү пакетин жактырды. Ал эртең жыйынтыкталат. Анда Россиянын энергетика тармагына инвестиция салууга тыюу салуу каралат.

· АКШ менен Япония санкциялык тизмелерин кеңейтти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер