Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Куликов» бренди менен таттуу чыгарган эргулдар кыргыз тилин тебелеп-тепсегенде…

«Куликов» бренди менен таттуу чыгарган эргулдар кыргыз тилин тебелеп-тепсегенде…

26-октябрь, 22:15
953 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгемендүү мамлекетибиздин эне тили ɵз ɵлкɵсүндɵ ɵгɵйлɵнгɵн учурлар күн сайын, керек болсо кадам сайын кездешип жатканы ɵкүнүчтүү. Азыркы биздин коомдо кыргыз туруп кыргызча сүйлɵбɵгɵн «киргиздер» бир жагынан жанды кашайтса, кыргыз ɵлкɵсүндɵ ишкерлик кылып, кыргыздардын кызылдай акчаларына туйтунуп атып, кыргыз тилин ɵгɵйлɵп сыртка сүрүп салган ишканалар экинчи жагынан күйбɵгɵн жериңди күл кылат эй! Кимдер дейсизби? Эсеби маселен, «Куликовский» аталышындагы, түшүнүктүү тил менен айтканда, «Куликов» деген таттуу чыгарган бренд бар Кыргызстанда. Торттон баштап дагы толгон-токой башка таттуу-тарапа жасап саткан бул соода тармагы Кыргызстанда сапаттуу азык ɵндүргɵндɵрдүн сап башында турарын тана албайбыз. Ооба, ɵндүрүш тармагында сапаты жана тазалыгы, ырааттуу иш тартиби менен башкаларга үлгү болуп келе жаткан бул тармактын ишбилгилиги мактоого арзыйт. Бирок кашайып, «куликовчулар» ɵндүргɵн таттууларын элге жарнамалоочу интернет сайтын бир гана расмий тилде иштетип жатканы бизди таңгалдырууда. Бул деген кыргыз тилин тебелеп-тепсегендик эмей эмне?! Ишенбесеңер аталган ишкананын расмий сайтына башбагып кɵрсɵңүз, ɵзүңүз күбɵ болосуз. Биз Мелис Мураталиев башында турган Кыргыз Респбликасынын президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга кайрылабыз. «Куликов» бренди менен ɵндүрүш тармагында иш алып барып аткан ишкана ɵз сайтына «кыргыз тили» функциясын тез арада киргизишин талап кылам! Бул менин эле эмес, кыргыз элинин талабы. 

Мелис Казакбаевич, сиз мамлекеттик тилге кайдыгер карабай, жеке ɵзүңүз кийлигишип, ушуну кɵзɵмɵлгɵ алып, биздин редакцияга жообун билдирип коюңуз! Ошондо сиздин кыргыз тилине күйгɵн инсан экениңизге ишенебиз!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер