Акыркы кабарлар
» Коом » Адис бөйрөк алмаштыруудан алыс болуу боюнча кеңешин берди
Адис бөйрөк алмаштыруудан алыс болуу боюнча кеңешин берди
28-февраль, 12:08


Бөйрөктү олуттуу ооруга чалдыктырып, кыйналып калбаш үчүн жыл сайын медициналык кароодон өтүп туруш керек. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Гүласыл Сутуева айтты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда гемодиализге болгон суроо-талап күч" аттуу брифингде ал аталган оорунун жарымы кант диабетинен пайда болорун айтты.
"Бөйрөгү ооруп калгандардын кантип азап тартып, кандай кыйналып жатканын угуп-көрүп жүрөсүздөр. Мамлекеттин гемодиализге акча бөлүшү үчүн канчалаган митингдер өттү... Адам өзүн-өзү мындай абалга жеткирбеш үчүн ден соолукка кам көрүп, биринчи иретте туура тамактануу керек. Башкысы — оору өтүшүп кетпесин, медициналык кароодон жыл сайын өтүп тургула. Бардыгы өзүңөрдүн колуңарда", — деди Сутуева.










