Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дакансалар” касиеттүү Ысык-Көлдү «Шайтан ордого» айлантканы калыштыбы?..

“Дакансалар” касиеттүү Ысык-Көлдү «Шайтан ордого» айлантканы калыштыбы?..

16-апрель, 12:30
777 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык деңгээлдеги мыкты саясатчы болуш үчүн кыргыздар айткандай, «илибой» жагынан такшалыш керек экен. Татыктуу адамдарды көп жылдар бою тарбиялап, даярдап чыккан СССР убагындагы коммунисттик система болгон. Ал кезде ар бир адам бала бакча, мектеп, окуу жайларды аяктап, баардык этаптардан өтүп барып, бийлик бутактарына жеткен. Азыр болсо өзүңөр билесиңер, досу, тууганы, жердеши, жакыны болуп отуруп, кыргыз бийлигине толуп алышкан. Бири-биринен өткөн чаласабат немелер өзүлөрүн бекем колдошуп, коррупция менен мафияны аябай гүлдөтө баштадыбы? Булардын бактысына диний жана провинциялык көз караштагы адамдар бийликке келишип, огобетер чалчактагандар оюна эмне келсе ошону жасашып, капитализм, социализм эмес, жөн гана «жыргализм» доорунда жашап калышты го? Кооз сөздөрдү көп айтып, ооздорун куу чөп менен сүртүп койгон шылуундардын айтымында, Кыргызстандын өнүгүүсү укмуш болуп жатыптыр. Бирок, жок нерселерди айтып, элди алаксытып туруу 30 жылдан бери келаткан коррупция менен мафиянын ишеничтүү ыкмасы экени белгилүү. “Кыргызстанды Швейцарияга айлантабыз” деген шылуундар миңдеген тонна алтынды ташып кетишип, калган-катканын бүгүнкүлөр казып жатышат. “Элдики, Кыргызстандыкы” деген алтындарды бүгүнкүлөр өздөрү сатып алышса, элге уулуу калдыктары калары белгилүү да. 

Калп айткан жагынан Кыргызстан Украинадан ашып түштү. Тамтыгы чыгып бараткан Украинада «бизде баары сонун, Россияны талкалап таштадык» деп “улутчул фашисттер” мактанып турушса, Европа менен АКШ аларды стратегиялык өнөктөшү катары көрүп алышкан. Россиянын «дубинка таягы» баарынын башына тийерин азырынча түшүнө албай жатышат. Капитализмдин социализмге кылган кыянаттыгын кыргыз генералы түшүнбөй турса, калгандарын айтпай эле коёлу. Бирок президент Садыр Жапаровго карата башталган саясый-экономикалык жана идеологиялык чабуулдар жөнүндө ачык айтыш керек. Президенттин айланасында айрым бузукулар, тескери жолго салууга ашыккандар чогулушкан. Ар кандай аферисттер түрдүү долбоорлорун таңуулашып, аягында элдин ишениминен алыстатууга из салышса кантебиз?

Кыргызстандыктардын айтымында, Ысык-Көлдүн айланасын чет элдиктерге бөлүп берип, Франция, Түркия, Сауд Арабиясы баш болгон НАТО өлкөлөрү «Асман» шаарын куруп беришет имиш. Ал жакта казинолор, кумар оюндары күнү-түнү ойнотулуп, «тыйын-тыпыр таап алалы» деген кыз-келиндер «заработкага» барышып, көгүлтүр Ысык-Көлдү көркүнө чыгарышабы? Мунун баары айылдык  кыргыздар үчүн кызык нерсе да. “Кыргыздын Лас-Вегасын курабыз” деп дүңкүлдөп жаткан “дакансалар” касиеттүү кыргыз көлүн «Шайтан ордого» айлантканы калышты го?..

Көлдүн жээгин 49 жылга арендага алган чет элдик кожоюндар апийим плантациясын көбөйтүп, наркобизнести баштап беришсе, апийим чегип мас болгон кыргызбай мал багып, жер иштетеби? Жок. Андан көрө казиного барып миллиондорду утуп алып миллиардер болгусу келет. Утулуп калып жаны ачыган кыргыздар кылмыштуу топторго биригишип, криминалга өтөрү түшүнүктүү. Коркунучтуу жагы «шайтандарды жок кылуу керек» деген чечендер чогулуп келишсе, АКШ менен согушуп жүргөн талибандар алардан мурда жетип келиши мүмкүнбү? Россия менен Кытай чоң державалар болгондуктан, жөн гана чек араларын жаап коюшса, АКШнын колониясы катары кала беребизби? Анүстүнө 30 жылдан бери капиталисттердин толгон-токой обработкаларынан жана эксперименттеринен өтүп, жанчылып бүткөнбүз. Манас баатырдын урпактары чачырап жок болуп, майдаланып, «эшекти отко айдаса бокко качат» болуп калдыкпы? АКШ баш болгон капиталисттердин капканы талкаланып, көп мамлекеттер эркиндикке чыгып жатышса, аң-сезими өрчүбөй калган айрым кыргыздар көнүп калган капканына жутунууда. Буларды президент Садыр Жапаров токтото алабы, же Россиянын жардамын күтүп жатабы? 

Кыргызстандагы «Лас-Вегас» же «Шайтан ордо» долбоору бир нече жылдан кийинки геосаясый чырдын детонатору болот. Тышкы карыздар жүз эсе көбөйүп, сырткы күчтөрдүн тепсендисинде калышыбыз мүмкүнбү? 


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер