Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азенбек Козукеевдин ишмердигине “2” коёбузбу? Жол кырсыгынан 345 адам каза болду

Азенбек Козукеевдин ишмердигине “2” коёбузбу? Жол кырсыгынан 345 адам каза болду

30-июль, 20:01
243 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Жыл башынан бери жол кырсыгынан 345 адам каза болгон. Статкомдун маалыматына ылайык, дагы 2 967 адам жаракат алган. Эң көп жол кырсыгы Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.

     Мындан тышкары, 608 жол кырсыктын кесепетинен 50 бала каза болуп, 676сы жаракат алган. Ал эми мас айдоочулар 105 ирет кырсыктаган. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 43,2%га аз. Бул боюнча “Спутник” жазды. 

     Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев аталган кызматка келгени кырсыктарды алдын алууда ийгиликтерди жарата албаганы ушулбу? Эгерде иштей албай жатса, башка кадрды тандаса болбойбу? Албетте, бул терең ойлондура турган маселе. Козукеевдин ишмердигине “2” деген баа коёбузбу?
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер