Каныбек Осмоналиев: “Экономиканын дүркүрөп өсүүсү дагы билим сапаты менен байланыштуу”

-- Мугалим менен окуучунун жаңжалынан кийин мугалим тууралуу көп маселелер көтөрүлдү. Бүгүн мугалимдердин орду кандай? Кандай орунда болушу керек?
-- Билим берүүнүн сапаты жогору болсо, ал ар кандай өлкөнүн жетишкендиги жана жогорку аброю болуп эсептелет. Экономиканын дүркүрөп өсүүсү дагы билим сапаты менен байланыштуу. Бул процесстин эки эле негизги субъекттери бар: алар мугалим менен окуучу. Ошондуктан аларга керектүү шарттарды түзүп берүү баарыбыздын ыйык милдеттерибизге кирет. Тилекке каршы, мугалимдин абалы бизде бүгүнкү күндө өтө эле аянычтуу болуп келүүдө. Маянасы төмөн, социалдык кепилдиктери жок. Бул абалды тезинен оңдоо зарыл. Азыркы динамикалуу заманда жаш муунду тарбиялоо менен окутуу мамлекеттик стратегиялык маселе болушу абзел. Мугалимдин жашоо шартын көтөрүп, анын өзүнүн билимин өркүндөтүп туруу иштерин мамлекет өз колуна алууга тийиш. Керек болсо катардагы мугалимдин статусун мамлекеттик кызматкердин статусу менен теңеп коюуга эмнеге болбосун?
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити