Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азия Ньюска” 1 миллион сом айып пул салган судья Тынара Абдиева министр менен кантип “соодалашты”?

“Азия Ньюска” 1 миллион сом айып пул салган судья Тынара Абдиева министр менен кантип “соодалашты”?

18-ноябрь, 09:53
893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиева министр Кашкар Жунушалиевдин “Азия Ньюс” гезитине жазган доо арызын карап, адилетсиз чечим чыгарганы кашкайган чындык. Басылманын лингвистикалык жактан келтирген аргументтерин эске албай, бир жактуулукка ыктап, “Азия Ньюска” 1 миллион сом айып пул салган. Учурда сотторго карата ишенбөөчүлүк, терс пикирлер калыптанып калганы дагы далилденди. Дал ушундай акыйкатсыз, басма сөз эркиндигин муунткан чечимден соң суроо жаралып атат: 

-- Тынара айым, сиздин бир тууган иниңиз ИИМде иштегендиктен, ортодон министр Кашкар Жунушалиев менен “соодалашуу” болдубу? Бул жагынан “кызматтык” көз карандылыкты моюнга аласызбы? Анан кайдагы мыйзамдуу чечим болмок эле?..

Кыскасы, “Азия Ньюс” гезитине негизсиз 1 миллион сом айып пул салуу менен Тынара Абдиева абийир, Кудай астында актана албаса керек. Убактылуу колдогу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруунун аягы эмне болот? Мезгил таразалайт! Мындай кылыгы менен алыска барбай калды го?..


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер